Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы көз жумду. Аталган маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, премьердин энеси Жеңилдик Абылгазиева оорудан улам 85 жашында дүйнө салган. Ал Бишкекте Мухаммедкалый Абылгазиевдин колунда болчу.

Өкмөт башчынын апасынын сөөгү Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында бүгүн, 9-июль күнү жерге берилет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз