Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды, баласы изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү кечээ,10-июлда болжол менен саат 17:20да Арал айылынан 2-чакырым ылдый Көкөмерен дарыясынан табылган.

Эске салсак, 30-июнь күнү  Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган. Ал унаада Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен болгону айтылган. Унаада беш адам — 4 киши жана 1 бала болгон.

2-июлда унаанын ичиндеги айдоочусу менен Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдун сөөгү табылган. Андан кийин 4-июлда болжол менен саат 19:30дар чамасында Молдакун Абдылдаевдин небере кызынын сөөгү табылгандыгы кабарланган болчу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.