Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков 27-апрелде таажылуу вирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, дары-дармек, медициналык жабдуулар, дарыгерлердин саны, ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн кошумча орундарды жана стационарларды ачуу маселелери талкууланды.

“Бишкек шаарында таажылуу вирус менен ооругандар көбөйүүдө. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Күнүнө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 400гө жеткен учурга кабылдык”, – деди Новиков.

Бишкекте абал кооптуу болуп бара жаткандыктан келерки жумада кошумча стационарларды ачып, дарыгерлердин мобилдик тобун көбөйтүү каралууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.