Кыргызстандын аймактарында 10-11-сентябрга карата аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-11-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт. 10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.