Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Уставынын негизинде  Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 7-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Жыйында Аалымдар Кеңешинин төрагасын  шайлоо маселеси көтөрүлүп, күн тартибине киргизилди. Жыйынтыгында Абибилла ажы Кадырбердиев төрага, ал эми Ниязали ажы Арипов менен Фархат ажы Юсупов төраганын орун басары болуп шайланышты.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз