Бир учурларда өзүн атса ок өтпөчүдөй сезген УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевге  “Ата – Мекен” фракциясы тарабынан ыргытылган “укурук” улам жакындап бара жаткандай сезилет. Аталган фракция депутаттары тарабынан башталган “кибер” чабуул Абдил мырзанын жанын жай койчудай эмес.

Мындай дегенибиз, баягы-баягы “Белизгейт” чуусунун залалы эми Абдил мырзанын өзүнө тийчүдөй болуп калды.  “Ата-Мекен” фракциясы эки күн мурдагы отурумунда “Белизгейт” маселесин көтөрүп, Абдил Сегизбаевди жалган документ жасаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды.

Фрация лидери Алмамбет Шыкмаматов жалган документ жасаганы жана кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн Сегизбаевге карата чара көрүү керектигин айтып, Башкы прокуратурага ишаарат берди. Алмамбет Шыкмаматов: “Бул мыйзам бузуу. Силер диплом сатып алганы үчүн түрмөгө камайсыңар. Ошондуктан, чара көргүлө”, – деди. Кезинде Абдил мырзадан бир топ  куугунтук көрүп  калган Алмамбет Шыкмаматов да артка кайтчудай түрү байкалбайт. Алмамбет мырзаны да туура түшунсө болчудай. Саясый куугунтуктун азабын жакшы эле тартты. Ден соолук жана башка дегендей…

Мындай билдирүүдөн кийин Абдил мырза да жөн жата албады сыягы. Маалымат каражаттарына үн катты. Анда “Тактаганга бир нече аракет жасадык. Бирок тилекке каршы Белизден так жооп алыш кыйын экен. Жооп алалган жокпуз. Ошол эле учурда кыйыр тастыктама деп коебуз, ошону алганга аракет кылдык. Биз түздөн-түз жооп алалган жокпуз

Бул документтер учурунда ыкчам жол менен колубузга түшкөн. Ошол учурда “Мегаком” боюнча коррупциялык схемалар 2010-жылдан бери болгону ачыкка чыккан. Андан кийин бул документтер ошол коррупциялык схемалар орун алганын тастыктаган бир элемент катары кабыл алынган. Ал жөнүндө президентке кирип, ыкчам маалыматтар бизге түштү, ушунун негизинде текшерүү өткөрөлү деп сунуш кылганбыз. УКМКда кат бар. Текшерип бергиле деп расмий түрдө биз аны Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз. Ошол кат УКМКда бар” – дегенге араң жарады.

Учурунда Алмаз Атамбаев эгер Сегизбаев өз далилин далилдей албаса, анда ал кызматтан кетээрин айткандыгы маалым. Бирок, бул иш аягына чыкпай калганы белгилүү.

Эске сала кетсек, Кылмыш кодексинин 304-беренеине ылайык, “кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн” үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошол эле кодекстин 350-беренесине ылайык “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдаланганы” үчүн үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде Абдил Сегизбаевге чындыгында эле ушул эки оор берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө тарабынан кылмышы далилденип, сот өкүм чыгарчу болсо, анда ал эки берененин негизинде 16 жылдан 24 жылга чейин абакка кесилет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз