Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы, мурдагы депутат, саясатчы, коомдук ишмер Ахматбек Келдибеков:  “Атамбаевге Раим Матраимов экөөбүз түнү түшүнө кирип, уйку бербей жатсак керек. Мен Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда бул (А. Атамбаев) өкмөт башчы эле. Ошондо Раим Матраимов Ош шаарында Бажы тармагында жетекчи болчу.

Бир эмес, 2-3 жолу Атамбаевдин оозунан укканмын “Раим аябай жакшы жигит, кыйын иштейт” деп, мактаган. Атамбаев эми өзү иштеп жүргөндө аябай жакшы, аябай кыйын жигит деп кызматка көтөрүп, эми өзү кызматтан кеткенден кийин кандай бул жаман адам болуп калат. Бул Атамбаевдин мүнөзү туруксуз анан кийин адамдарды аттап кетиш жамандоо бул үчүн катардагы көрүнүш”,-деди, Назар NazarNews.kg сайтына берген маегинде.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз