А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы Саламттыкты сактоо министри Дамира Сагынбаевага кошулуп, ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалды. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Башкы прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктандын бирдиктүү реестрине катталган А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган. Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун коюп, диагносту тактоодо фактыларды жасалмалаган.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун жокко чыгарып, диагносту тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн.

Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө. Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз