Экс-президент А. Атамбаев Индияга барбай калгандыгы тууралуу КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды. Ал маалыматта экс- президент А. Атамбаевдин барбай калуусунда эч кандай саясат жок экендиги, эс алуу башка учурга жылдырылгандыгы маалымдалат.

Эске сала кетсек, буга чейин А. Атамбаевдин 11- январда Индияга эс алууга баруусу айтылып келген болчу. Бул билдирүү коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз