13-январга карата Кыргызстанда дагы 92 кишиден таажылуу вирус табылып, Бишкекте бир бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 587 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 358и сакайды. Соңку бир күндө 177 адам айыкты. Пневмонияны козгой турган таажылуу вирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына таянсак, ооруканадагы 810 бейтаптын 44үнүн абалы өтө оор, 241и оор, 514тү орто оор абалда жатат, 11 кишинин гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 13-январда 91 миллион 559 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 961 миңден көп.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.