Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргызстандын жараны А.К.Снын башкаруусундагы “Renault Premium” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмидц”  маркасындагы чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Аталган мекеменин маалымат кызматынын маалыматына караганда, жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 780 000 сомдук жүзүм табылган. Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 780 000 сомду түзөт.

Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.