Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы Жапалак айылында “Ш. уулу Б.” аттуу Кыргызстандын жараны башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Даймлер-Крайслер-Е240” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн  транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 700 000 сомдук акциздик маркасы жок төмөнкү тамеки продукциялары табылган:

“CAVALLO Black Velvet” (акциздик маркасы жок);

“CAVALLO Vulcano Red” (акциздик маркасы жок);

“Rothmans” (Республики Таджикистандын акциздик маркасы менен).

Баардыгы 10 000 пачка (200 000 штук).

Кармалган товардын орточо базар баасы 700 000 сомду түзөт.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.