Оштун Кара-Суу районунда үч автоунаа кагышып, алдын ала маалымат боюнча, жети киши көз жумганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Каргаша Бишкек – Ош унаа жолунун 661-чакырымында катталып, анда КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia сүзүшкөн.

Каза болгон жети кишинин үчөө эркек, төртөө аял экени айтылды. “Ошондой эле алты адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, ал эми үч бала балдар ооруканасына жеткирилген. Аты-жөндөрү такталууда”, – деп жазылган маалыматта.

Учурда жеринде абалды ӨКМ башчысынын орун басары Акылбек Мазарипов баштаган куткаруучулар көзөмөлдөп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.