Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары аяктады. Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2019-жылдын 4-январынан 9-январына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2019-жылдын 8-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда КР ӨКМдин ыкчам тобу жана  КК ГШнын артиллериялык эсеби кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. 2019-жылдын 5-январынан 8-январына чейин жалпы 62 снаряд атылып, 105 000 м3 кар көчкү түшкөн. Мындай маалыматты ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаралар аяктагандыгына байланыштуу КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз