Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата чет өлкөдө 57 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Чет жердеги шайлоо тилкелери элчилик, башкы консулдуктардын имараттарында жайгашат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан мыйзамга ылайык өткөрүлөт.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.