Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургунунун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү жарандын үйүндө тинтүү жүрүп, сарайынан жалпы салмагы 25 килограммдан ашык жапайы кендирдин жыты бар кургатылган өсүмдүк жана желим идишке куюлган суюктук табылып алынган. 49 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кылмышка шектелип кармалган.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.