Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда шайлоолор таза өтөрүн жана административдик ресурс колдонулбай турганын өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди. Жапаров мамлекеттик кызматта туруп кайсы бир партияга же талапкерге иштегендер дароо кызматтан алынып, жоопко тартыларын эскертти.

Азыркы мыйзамга ылайык, шайлоочу партиянын ичинен өзүнө жаккан талапкерге дагы добуш бере алат. Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги коюлат. Партияга жана анын ичиндеги жеке бир талапкерге добуш берилет.

“Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Ушундай жол менен парламентти, жалпы эл, өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер. Ал эми эскилер кайра келе жатат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды”, — деп белгиледи президент.

Жапаров азыр тизмеде талапкердин канчанчы турушу маанилүү эмес экендигин, 54-катарда болуп туруп деле көп добуш алса биринчи болуп келе берерин баса көрсөткөн.

Өлкө башчысы учурдагы кымбатчылык тууралуу да кеп салып, ал Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө болгон көрүнүш экенин, мунун баары пандемияга байланыштуу болгонун белгиледи.  Президент ошентсе да өлкө жетекчилиги кымбатчылыкты токтотууну, абалдан чыгуунун жолун издеп күнү-түнү иштеп жатканын билдирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.