БУУ Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы ири туристтик компаниялардан жана ММК өкүлдөрүнөн турган Финляндиянын делегациясына иш сапарын уюштурду. Делегация Кыргызстандын аймактарын кыдырып, жергиликтүү туристтик агенттиктер менен “Бизнес үчүн Бизнес” жолугушууларын өткөрдү. Ошондой эле иш-чарага Финляндиянын Казакстандагы элчиси жана Финляндиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист катышты.

БУУӨП, Кыргызстандын Туризм департаменти менен биргеликте Финляндиянын туроператорлоруна жана ЖМКларга өлкөнүн ар кандай табигый аймактарынын укмуштуу, экологиялык, этномаданий жана тарыхый туризм потенциалын тааныштыруу максатында Кыргызстан-Финляндия туристтик жол шоусун уюштурду. Иш сапардын максаты эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосунда ишкер мамилелерди түзүү жана чыңдоо, потенциалдуу жергиликтүү өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле Кыргызстан менен Финляндиянын туристтик тармактарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү болгон.

Турдун жүрүшүндө фин меймандары Кыргызстан менен таанышып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүнүк алышты. Андан тышкары, алар 18-майда өткөн “Бизнес үчүн Бизнес” (B2B) жолугушуулары учурунда өз өнүмдөрүн сунуш кылган кыргыз туристтик агенттиктери менен ишкер мамилелерди түзө алышты.

Элчи Соили Мякеляйнен-Буханист Кыргызстан фин саякатчылары үчүн уникалдуу туристтик аймак экендигин белгиледи:

«Тоолор жана аларды көргөндөн калган унутулгус тажрыйба финляндиялык туристтер үчүн абдан жагымдуу, анткени бизде Финляндияда мындай пейзаждар жок. Ысык-Көл көлү уникалдуу, бирок Финляндияда 200 миңден ашык көл жана пляждар болгондуктан сүзүү туризми финдер үчүн уникалдуу туристтик аймак эмес, дээрлик бардыгы эс алышат же көлдөрдүн же деңиздин жанында жашашат, андыктан сүзүү алар үчүн кадимки көрүнүш . Ысык-Көлгө бара жаткан биздин туристтерди тоо турлары жергиликтүү флора жана фауна менен таанышуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк кызыктырат. Кыргызстанда кол тийбеген жаратылыштын уникалдуу улуттук каада-салттары менен укмуштай айкалышы бар, бул чыгыш базарларына барууну жактырган финдер үчүн абдан жагымдуу, анткени бул алар үчүн жаңылык. Кол тийбеген жаратылыш, тоолор жана улуттук мүнөз биригип укмуштай таасирлерди калтырат”.

КЫРГЫЗСТАН - ФИНЛЯНДИЯ ТУРИСТТИК ЖОЛ ШОУСУ

Экономика жана Каржы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатмановдун айтымында, өлкөнүн батыш туристтерине сунуштай турган нерсеси бар:

“Кыргызстан Европа үчүн туризм жагынан кызыктуу, бирок кээ бир өлкөлөр, анын ичинде Финляндия менен байланыштын жоктугунан биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кыйынга турат. Ошондуктан финдердин Кыргызстанга келиши эки тараптуу туристтик мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт жана эки өлкөгө тең пайда алып келет”.

КЫРГЫЗСТАН - ФИНЛЯНДИЯ ТУРИСТТИК ЖОЛ ШОУСУКЫРГЫЗСТАН - ФИНЛЯНДИЯ ТУРИСТТИК ЖОЛ ШОУСУ

 

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.