Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын натыйжасында курман болгон Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Дейрес-Сай айылында жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустун акими Жыргалбек Шакиев, чек ара кызматынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы Дейрес-Сай айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдөгү төрт бир туугандын үчүнчүсү.

2010-жылы орто мектепти, 2015-жылы Жогорку аскер мектебин аяктаган. Ошол эле жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028 аскер бөлүгүнүн 3-тобунун командири болуп дайындалган.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда ага ок тийген.

сүрөт: https: turmush.kg

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.