Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жана Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Финполдун маалымат кызматы билдиргендей, аталган органга жаран кайрылып, Ленин РИИБдин тергөөчүсү ишти оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылып жатканын айтып, арыз калтырган.  Буга байланыштуу финполчулар Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы менен биргеликте Ленин РИИБдин тергөө кызматынын өкүлүн акча алып жаткан жеринен кармаган. Биринчи май райондук соту кармалган адамдын баш коргоо чарасын тандап, №1 тергөө абагына эки айга камады. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.