Бишкек шаарындагы №52 балдар бакчасы 1995-жылы «Э» акционердик кооомунун  карыздарын төлөө максатында «Г.» Кыргыз-Гонконг авиакомпаниясына берилген. Кийин, имарат бир нече жолу сатылып, 2011 –жылы аталган имараттын ээси Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур районунун  Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Өкмөтүнө караштуу Тышкы сооданы башкаруу жана экономикалык кызматташуу башкармалыгынын өкүлчүлүгү болуп калган.

Бала бакчаны  имаратын менчиктештирүүдө орун алган мыйзам бузууларды эске алып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан  доо арыз киргизилген, ал Бишкек шаарынын райондор аралык соттун чечими менен канааттандырылган.

Буга байланыштуу, 2018-жылдын 2-октябырында Свердлов районунун прокуратурасы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондуна  аталган бала бакчаны мамлекеттин менчигине кайтарып берүү жөнүндө талап киргизилген.

Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгында 54 млн. 519 миң сомго бааланган бала бакчанын имараты мамлекеттик баланска кайтарылып берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз