Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова  мектептердеги тамактанууну жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Ашканалардагы антисанитария, окуучулардын тамак рационунда жашоого керектүү азык-түлүктөрдүн жоктугуна, пайдаланууга болбогон азык-түлүк продуктуларын колдонууга, продуктулардын сапаты боюнча документтин жоктугуна карата коомчулук тарабынан көп кездеше баштаган даттанууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мектептеринде окуучуларды тамактандыруунун сапатына өзгөчө көңүл бурулду.

Мектептерде тамак-ашты жакшыртуу максатында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 2013-жылдын мартынан 2018-жылдын декабрына чейин республиканын 505 пилоттук мектебинде 2,2 млн АКШ долларынан ашык суммага заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары, 1,15 млн АКШ долларынан ашык суммага 1,772 тонна байытылган ун жеткирилген.

Мындан тышкары вице-премьер-министр баса белгилегендей, «Мерсико» эл аралык уюму менен биргеликте 155 мектепке заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары, ошондой эле 390 тонна азык-түлүк продуктусу жеткирип берилген.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосунда өлкөнүн мектептеринде ашкана кызматкерлери ашпозчулар үчүн колдонмолорду, меню түзүү боюнча технологиялык карталарды жана 100дөн ашык тамактын рецепти жайылтылган.

Бул иштер 2022-жылга чейин донорлор менен кол коюлган Меморандумдардын алкагында улантылмакчы.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова  «Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган донорлордун техникалык жардамы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ата-энелер коомчулугунун күчү менен республиканын 2262 жалпы билим берүү мекемелеринин ичинен 1372 мектепте 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган. Биздин милдет – бардык мектептерде ысык тамак берүү үчүн шарттарды түзүү»,- деди.

Ошондой эле кеңешмеде мурда берилген тапшырмаларга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2019-2029-жылдарга Мектептердеги тамактануу сапатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программанын жана аны ишке ашыруу боюнча Пландын долбоорлорунун бет ачары тартууланды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.