Сокулук районунун тургуну Альфия Закирова 44 жашында президенттин колунан “Баатыр эне” орденин алып кубанып жаткан учуру.

Жолдошу экөөсү 7 баланы өстүрүп  келе жатканын айтат.

“Кудай буйруп мынтип “Баатыр эне” сыйлыгын алып отурам. Бул аябай чоң кубаныч болду, анан калса өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун колунан алуу да өзүнчө бир чоң сыймык экен. Өзүм жети баланын энесимин. Кесибим боюнча экономистмин. Бирок иштеген жокмун. Балдарымды төрөп, өстүрүп үйдө эле болдум. Улуусу 24 жашта. Медициналык академияда билим алат. Ал эми эң кенжебиз 2 жашар. Жолдошум өзү бизди каржылап багып келет. Ар күнгө жаратканга шүгүр келтирем. Жетөөсүнө татыктуу тарбия берип, коомго салым кошчу инсандарды тарбияласак деген тилек”,- дейт Закирова.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.