Бир суткада 41 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 15, Ош шаары 3, Чүй облусунда 18, Нарын облусунда 5 кишиден вирус табылды. Ал эми Чүй облусунда COVID-19 илдетинен бир бейтап каза болду. Ушуну менен март айынан бери 85 миң 516 киши вируска чалдыгып, 1 миң 442 бейтап көз жумду. Ооруканалардан сырткары учурда Кыргызстан боюнча 387 бейтап амбулатордук шартта дарыланып жатканы кабарланды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.