Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Алма участкасына жергиликтүү жеке ишкер жана мигрант Кубат Досматов эки кабаттуу, 180 орундуу мектеп куруп берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал- Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган участканын окуучулары буга чейин 3-4 чакырым алыстыктагы мектепке барып окушчу. Жаңыдан пайдаланууга берилген бул билим уясы Арстанбоб атындагы мектептин Досматов Темирбай атындагы бөлүмү болуп ачылды.

На изображении может находиться: 3 человекаНа изображении может находиться: на улице

На изображении может находиться: 11 человек, люди улыбаются, люди стоятНа изображении может находиться: 16 человек, люди улыбаются, люди стоят и на улице

 

Ачылуу аземине Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана жергиликтүү тургундар менен окуучулар катышты.

Айыл тургундары алыска каттап окуган окуучулар жолдун алыстыгынан ар кандай кооптуу абалдарга туш болуп келишкенин билдиришти.

Мектептин курулушу 2019-жылы жайында башталып, Россиядагы мигрант Кубатбек Досматов каржылап берген. Жалпысынан ишкер 6 миллион сом бөлүп, айыл өкмөттөн 200 миң сом коротулган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.