Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан баткен областында “С.А.С” аттуу Кыргызстандын жаранын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Аталган мекеменин маалыматына караганда, автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 3 878 600 сомдук спорттук кийимдер табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

4 миллион сомдук спорттук кийимдер кармалды

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.