Спорттун аралаш түрү боюнча өткөн 4 –чемпионатынын финалдык тандоосу аяктады.

Мушкерлер финалга жетүү үчүн болгон аракеттерин жумшашты. Алар бир эле физикалык эмес, психологиялык жактан да бир топ таасир алды десек болот.Маселен, оюндун жүрүшүндө калыстар тобу, чет элдик калыстардын чакырылганына карабай, жеңүүчүлөрдү татыктуу тандабастан, өз кызыкчылыктарынын пайдасына чечип, анын кесепетинен бир катар талаш-тартыштар орун алды.  

Саат сайын мушкерлердин саны азайгандан азайып, финалга эң күчтүүлөрү гана жакындады. Чемпионаттын курун багындырууга 16 финалист чыгып, анын 8и гана тандалып алынат. Финалдын жүрүшү өтө кызыктуу жана аны менен катар жараат алуулар менен коштолду.  

Азия жана эл аралык чемпионатка жолдомону биринчилерден болуп Ош облусунан Эдилбек Шакимаматов аттуу спортчу утуп алды.  

Эске салсак, аталган чемпионаттын жеңүүчүлөрү Азия жана эл аралык мелдештерге катышууга укугу бар. Кыргызстан боюнча болгону 8 лицензия бөлүнгөн. Алардын экөөсүн Жалал-Абад, экөөнү Бишкек, төртөөнү Ош облусунун спортчулары багындырды.  


(Фото интернеттен алынды)

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.