Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында Т.Т. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “MAN26372” үлгүсүндөгү жүк ташуучу авто транспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Бажыдан алынган маалыматка караганда, автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 4 032 килограмм болгон, акциздик маркасы жок “Premium water pipe tobacco “Serbetli” маркадагы кальян тамекиси табылган.

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матерbалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.