Кыргыз-казак акындарынын XIII эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов кабарлады.

Маалыматка ылайык, Эгемендүүлүк күнүнө карата залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган эл аралык айтыш 30-31-август күндөрү Улуттук филармониянын чоң залында өтөт. Ага Казакстандын сегиз акыны келери күтүлүүдө. Жалпы эки өлкөдөн 16 төкмө акын катышат.

Байге фонду 2 миллион сомду түзгөн айтыштын тандоо туру 20-август күнү КТРКнын концерттик залында тандоо туру болот.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.