320 жаран коменданттык сааттын шартын бузуп  кармалды.

ИИМдин маалыматына ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 193, Ош шаары боюнча – 25, Жалал-Абад шаары – 10, Сузак району боюнча – 26, Ноокат району боюнча – 11 жана Кара-Суу районунда – 55 адам.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.

Ошондой эле коменданттык сааттын эрежесин бузган 9 авто унаа токтотулду.

Белгилей кетсек, КРдин президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.