Кыргызстанда таажылуу вирус жуктурган жаңы учур катталган жок.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Учурда вирус жуктургандардын жалпы саны 44.

Кечээ, 25-мартта Кыргызстанда дагы 2 эки адамда вирус аныкталганы айтылган: бирөөсү Бишкек шаарында, экинчиси Москва району (Чүй облусу). Алардын бири Дубайдан 20-мартта учуп келсе, экинчиси Испаниядан келген жарандан жуктуруп алган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.