«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 25-26-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти.

26-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында,Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткеноблустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Таласоблустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкек шаарында 26-мартта түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын табы борбордо түнкүсүн -1…+1°, күндүз 7…9° градусту түзөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.