26-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда жана Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 15…20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен нөшөр жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 18…20 градус болот.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.