Дуйнөлүк Forbes журналы түзгөн ютуб каналынын эң көп акча тапкан блогерлердин  рейтингинин сап башында Райан аттуу 7 жаштагы бала турат.

Анын ютубдагы каналына 17 миллион  адам катталып, 27 миллиард жолу каралган. Ал жерге оюнчуктары жана ата-энеси жөнүндө тарткан видеолорду жүктөйт.

Жети жаштагы бала каналынан үй-бүлөсүнө 22 миллион киреше алып келген.

Райан ар кандай оюнчуктарды алып, өзүнүн оюнчукка болгон көз карашын билдирип, кандай ойноо керек экенин көрсөткөнүн ата-энеси видеого тартып алып, каналга жүктөйт. Анын өзүнүн кенен аудиториясы бар.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз