Кыргызстанда 19-апрелге карата таажылуу вирус дагы 212 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Маалым болгондой, Бишкекте 152, Чүй облусунда 22, Ош шаарында 4, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 18, Нарын облусунда 12, Жалал-Абад облусунда 2 адамдан илдет табылган.  Ал эми бир сутка ичинде 149 адам аталган оорудан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4 бейтап каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда вирустан 1246 бейтап, амбулатордук түрдө 1270 адам дарыланууда. 851 бейтаптын абалы орто оордукта, 311 адамдын абалы оор жана 53 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 95 адам илдет жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 56 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 555 адам каза болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.