Categories

Р.Атамбаевага карата кылмыш иши козголду

Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Атамбаевага карата ачылган иш президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу

Бирок кайсы берене боюнча козголгону азырынча айтыла элек.

 
Categories

Темир Сариев Ысык-Көлдү сүзүп өттү

Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков «Issyk-Kul Swim Challenge 2019» акциясына катышып Ысык-Көлдү сүзүп өтүштү. 

Таңкы саат 06:19да Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы көл жээгинен старт алып Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейин 14 чакырымды сүзүп өтүшкөн.

Биринчи болуп Эмил Турусбеков (4 cаат 48 мүнөт), экинчи болуп депутат Бактыбек Турусбеков келди. Ал эми Темир Сариев 11-болуп келди. Ал эми кыздардын арасынан биринчилерден болуп 26 жаштагы Алина Меремьянина сүзүп келди.

Бул мелдешти уюштурган «Nomad sport» коомдук фондунун жетекчиси Канат Келсинбеков аталган иш-чара акыркы үч жылдан бери өтүп жатканын жана ал аймактагы спорттук туризмди өнүктүрүүгө багытталганын айтты.

«Акция быйыл үчүнчү жолу өтүп жатат. Биринчи жолу болгону беш киши катышкан. Быйыл алардын саны 22ге жетти. Алтоо кыздар. Жакынкы эки жылда биз катышуучулардын санын 200 кишиге жеткиребиз деп тилек кылып атабыз», – деди Келсинбеков.

Быйыл акцияга жалпысынан 22 киши катышты, булар Кыргызстан, Орусия жана Казакстан.

 
Categories

Сапар Исаков ооруканага которулду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКдага камактан ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Мындай чечим дарыгерлер консилиумунун жыйынтыгы менен кабыл алынган. Сапар Исаковдун ден соолугу начарлап, дарыгерлер тобу кеңеш өткөрүшүп, диагноз коюлгандан соң ооруканага которулган. УКМК Сапар Исаковдун кайсыл ооруканада экенин купуя бойдон калтырууда.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коорупцияга тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү бүгүнкү күнгө чейин  уланып жатат.

 

 
Categories

Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Банктагы эсептер

 

1. “Кыргызкоммерцбанк”

2. “Кыргызстан” коммерциялык банкы

3. “Оптима Банк”

4. “Кыргыз-швейцария банкы”

5. “Капитал Банк”

6. Россия-Кыргызстан “Аманбанк”

7. “Толубай” акционердик коммерциялык банкы

8. “РСК Банк”

9. “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”

10. “БТА Банк”

11. “Дос-Кредобанк”

12. “ЭкоИсламикБанк”

13. “Евразия сактык банкы”

14. “Азия Банкы”

15. “Бакай Банк”

16. “Халык Банк Кыргызстан”

17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

18. “Кыргыз инвестициялык-кредит банкы”

19. “ФинансКредитБанк”

20. “Айыл Банк”

21. “Росинбанк”

22. “Бай-Түшүм” банкы

23. “ФИНКА Банк”

24. “Чанг Ан Банк”

25. “Банк Компаньон”

Банктагы ячейкалар кимдерге таандык болгон? Юридикалык жана жеке тараптар

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович

2. Атамбаева Раиса Минахмедовна

3. “Кыргызавтомаш” ААКы

4. “Апрель-ТВ” ЖЧКсы

5. “Апрель” коомдук фонду

6. “Редакция телерадиокомпании “Канал D” (“Канал Ди”) ЖЧКсы

7. “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеши” (“Республиканский общественный экспертный совет по вопросам устойчивого человеческого развития”) коомдук бирикмеси

8. “Ден соолук жана узак жашоо” медициналык-билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси

9. “Телерадиоуюмдарынын ассоциация” юридикалык жактардын бирикмеси

10. “Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси

Камакка алынган мал-мүлкү. Алмазбек Атамбаевге тиешелүүлөрү:

  • Toyota Land Cruiser, 2000-жылы чыккан;
  • Mitsubishi Pajero, 1997-жылы чыккан;
  • Toyota Land Cruiser, 1998-жылы чыккан;
  • MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, 1993-жылы чыккан;
  • BMW X5, 2001-жылы чыккан;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, б/н көчөсү;
  • жер тилкеси, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы, квартал “Курорт-рекреациялык аймагы”;
  • жайыт, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • Ден соолукту чыңдоо борбору, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • турак үй, Аламүдүн району, Арашан айылы, Полевой көчөсү;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы, Татыр аймагы.

Раиса Атамбаевага таандык мүлк:

  • Toyota Land Cruiser, 2004-жылы чыккан;
  • Mercedes-Benz 600, 1994-жылы чыккан;
  • ГАЗ 3110, 1999-жылы чыккан;
  • батир, Бишкек шаары, Москва көчөсү;
  • турак үй, Бишкек шаары, Новооктябрь көчөсү.

“Кыргызавтомаш” ААКына таандык мүлк:

  • Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө киши жашабаган 38 имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндө алты жер тилкеси;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү темир жолу;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;
  • Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү киши жашабаган имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;
  • Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үч батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү тогуз кампа;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп бөлмөлүү үй;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы 17 батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;
  • Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

“Медиа Форум” ААКына таандык мүлктөр:

  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү адам жашабаган имарат;
  • “Форум илимий-өндүрүш фирма” ЖЧКсына таандык мүлктөр;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы жер тилке;

“Апрель-ТВ” ЖЧКсына таандык мүлктөр:

  • Радио, студия ТВ, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • Теле борбор, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • “Апрель” коомдук фонду;
  • “Канал D” (Канал Ди) телерадиокомпания редакциясы” ЖЧКсы;
  • “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш” коомдук бирикмеси;

“Ден соолук жана узак жашоо” медициналык билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси;

“Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси;

“Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси.

 

 
Categories

Атамбаевге козголгон 14 кылмыш иши

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жалпысынан 14 кылмыш иши боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев кабарлады.

Биринчи иш кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган. Анда Атамбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча айып тагылган. Аны ИИМ тергеп жатат.

13-августта Башкы прокуратура 7-8-августтагы окуялар боюнча бир нече иш сотко чейинки тергөөгө алынганын маалымдап, Атамбаевге бир нече оор кылмыштарды жасаганы боюнча билдирүү берилген. Бул иштерди ИИМ карап жатат. Слесарев бул иштер боюнча беш берене менен тергөө жүрүп жатса, жалпысынан 9 кылмыш иши тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүрдү.

14-августта Аскер прокуратурасы мурдагы президент Атамбаевге “Медиа Форумдун” имараты жана Бишкек ТЭЦтин модернизациясы боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилгенин кабарлаган. Эки иш тең “Коррупция” беренесинин алкагында тергелүүдө. Бул айыптоолор Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын корутундусунда да белгиленген болчу. Эл өкүлдөрү Атамбаевдин беш кылмышка тиешеси болушу ыктымалдыгын айтышкан.

Бүгүн, 15-августта, Аскер прокуратурасы Атамбаевге Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча дагы эки билдирүү берген. Кой-Таштагы жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткен деген айыптоо депутаттык комиссиянын корутундусунда да айтылган. Азыр бул иштер экиге бөлүнгөн. Биринчиси, мыйзамсыз сатып алуу, экинчиси, мыйзамсыз түрдө ижарага берүү. Эки иш тең “Коррупция” беренеси боюнча каралып жатат.

 

 
Categories

Салянова: “Атамбаевди коргогонумдан абакта отурганым жок. Ал ага татыксыз”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы-прокурор Аида Салянова фейсбуктагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жазып, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.

“Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар — мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды, — дейт экс-депутат.

‌Салянова операцияга даярданып жаткандыктан бир канча убакытка чейин коомчулук менен байланышта боло албай турганын кошумчалаган.

Ал ошондой эле өзүнө колдоо көрсөт бардык мекендештерге терен ыраазычылык билдирген.

Урматтуу мекендештер, туугандар! ‌Сиздердин ак батаныздар менен бугун кызымды кучактап отурам! Колдоо…

Опубликовано Аида Салянова Четверг, 15 августа 2019 г.

 

Эске сала кетсек, кечээ 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Аида Салянова «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча тергөөнүн алкагында камакка алынып, сот аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган эле.

 
Categories

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында 16-августка караган түнү саат 02:22де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 2 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

 
Categories

Аида Салянова үй камагына чыгарылды

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова үй камагына чыгарылды. Бул туурасында анын тарапташтары билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган.

 
Categories

Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү

UFC чемпиону Валентина Шевченко Уругвайда өткөн UFC Fight Night 156 турниринен кийин мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү.

Муну менен мушкер кыз 12-орунга көтөрүлүп, айтылуу мушкер Конор Макгрегорду бир тепкичке артта калтырган. 

Ал Уругвайдагы мелдеште америкалык Лиз Кармуш менен беттешип, жеңишке жетишкен.

 

 

 
Categories

Чоң Чүй каналынан табылган кыздын туугандары изделүүдө

Милиция кыздын ким экенин аныктоо үчүн элден жардам сурады.

7-августта саат 18.00дөр чамасында Чоң Чүй каналынын Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен азиат түспөлүндөгү кыздын сөөгү табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, азырынча кыздын ким экени аныкталып, туугандары табыла элек. Кыз болжол менен 20-25 жашта.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, чачы сары, бети тоголок. Бозомтук түстөгү футболка, кара джинсы, ак спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Милиция кыз тууралуу билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0552) 10-27-43, (0553) 10-23-87, (0703) 22-26-22, (0702) 49-88-88, (0772) 84-73-36, 102.