Categories

Жарым жылда салык кызматынын 15 кызматкери жазаланды

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 6 айында жарандардын кайрылуулары боюнча 15 кызматкерине жаза берди жана 9 салык төлөөчү салык мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгында ар кандай жаза-чарасы колдонулган: 2 – кызматтан бошотулса, 3 кызматкерге карата катуу сөгүш, 2 – сөгүш жарыяланып, дагы 6 – эскертүү жана 5 кызматкерге катуу эскертүү берилген.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамын бузуулар боюнча 20 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 9 билдирүү боюнча фактылар тастыкталып, тартип бузуучуларга административдик мүнөздөгү чаралар көрүлдү. 6 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок, кароо стадиясында 5 факт бар.

 
Categories

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда жарык өчүрүлөт

Бүгүн, 29-июль күнү Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

  • 9.00-13.00 — Элебаев, 48;
  • 9.00-17.00 — Ахунбаев, 146;
  • 9.00-18.00 — Гоголь, Москва, Калинин, Токтогул, Куйбышев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, «Арча-Бешик» (6-9-көчө, Садырбаев, Ахунбаев, Кривоносов, Бердибаев, Абдрахманов), «Ынтымак» (Чоң-Арык);
  • 9.30-18.00 — «Алтын-Ордо», «Ак-Тилек» (Фере, Ак-Шоокум, Мажүрүм-Тал, Чалдыбар, Сеченов, Коллектив бурулушу), «Кара-Жыгач» (Төө-Ашуу), Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү, Чүй;
  • 9.30-17.00 — Юнусалиев, Койбагаров;
  • 13.00-17.00 — Байтик Баатыр, 17/1.
 
Categories

Балыкчыда жашылча-жемиш сактоочу жай ишке кирди

Балыкчыда KyrSEFF программасынын колдоосу менен жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбор ишке кирди. Аталган борбордо бир убакта 60 тонна айыл чарба продукциясын сактоого болот.

KyrSEFF программасынын колдоосу менен 36 миң  доллар, ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө үчүн ишкананын ээси Евробиримдиктен 3,6 миң доллар грант алды.

Жашылча-жемиш сактоочу жай жергиликтүү дыкандар өндүргөн картошка, сабиз жана пиязды сактоо үчүн курулду. Аталган ишкананын адиси Гульмира Турганбаева билдиргендей, бул жай жергиликтүү фермерлердин кирешелерин артырууга жана түшүмдөрдүн бузулуусун алдын алат.

 
Categories

27-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 27-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 17….22… күндүз: 32… 37°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 9….14….күндүз: 28…..33°C;

Жалал-Абад облусунда

түнкүсүн: 17…22….күндүз: 33……38°C;

Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 17…22….күндүз: 33……38°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 12…..17….күндүз: 21……26°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 26….31°C;

27-июлда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 34……36°C, түнкүсүн 18 … 20°C.

 
Categories

Ташиев: “Силерди карапайым эл колдоп, анан бийликке келгениңерди унутпагыла”

Белгилүү саясатчы, мурдагы депутат Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында күч органдары менен жергиликтүү тургундар арасында болгон келишпестик тууралуу пикирин билдирди.

“Урматтуу бийлик ээлери! Кечээги Ак-Сайлыктарды аткылап,токмоктоп ,коркутуп элдин үшүн алганынар таптакыр туура эмес болду. Элге жасалган бул мамилеңер үчүн жооп беришиңер керек. Эгерде силердин ошол жасаган жумушуңар эл үчүн болуп жатса, анда эмнеге ошол элге түшүндүрүп, тил табыша албайсынар? Эмнеге өздөрү кыйналып чек арада турмуш өткөрүп, жапа чегип турган адамдарды дагы токмоктоп, аткылап түшүндүрөсүңөр? Кантип эле чоңдордун арасында эл менен сүйлөшө турган, элди көндүрө ала турган бирөөңөр жок?Анда эмнеге эл, мамлекет, бийлик деп иштеп жүрөсүңөр?
Элдин убалынан корккула, бийлик, байлык түгөнөт, бүтөт, а эл ар дайым кала берет, элибиз түгөнбөйт, элге кол көтөргөндү токтоткула, азыркы бийликте отургандар силерди ошол карапайым, жөнөкөй эл колдоп анан келгенсинер, унутпагыла!!!
Ак-Сай айылынын тургундарын кордогондор жоопко тартылышы керек!
Урматтуу Президент, элге көңүл буруңуз, элден алыстабаңыз, кеч болуп кала электе 
чара көрүңүз,мен коркпоймун, элим үчүн башымды сайып коюуга даярмын, баарыбыз АЛЛАХдын колундабыз!!!”-деп кайрылуу калтырды өзүнүн социалдык баракчасына Камчыбек Ташиев.

https://www.facebook.com/kamchybek/posts/3155479884506358

 
Categories

6 жашар бала Рамзан Кадыровдун жан сакчысы болду (видео)

Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров 6 жашар баланы жан сакчы кылып алды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

“Бүгүнтөн баштап мен эч нерседен кабатыр болбойм. Анткени менин тажрыйбалуу жан сакчым бар. Ага дүйнөдө эч ким тең келе албайт”,  деген Рамзан Кадыров.

Ага чейин соцтүйүндөргө 6 жаштагы Магомед-Эми Газиевдин  Рамзан Кадыровду коргойм деген видеосун ата-энеси  жарыялаган. Аны президент интернеттен көрүп, жолугушкан.

View this post on Instagram

С сегодняшнего дня мне не нужно ни о чём беспокоиться. У меня появился охранник-профессионал, равных которому нет в мире. Некоторые скажут, что шестилетний Магомед-Эми слишком мал для спецназа. Несмотря на свой возраст, мальчик полон смелости, решимости и отваги. Он готов встать за меня горой и отразить любую атаку! Я наткнулся на видеоролики Магомед-Эми Газиева на просторах Интернета. Он очень хотел охранять мой покой, стать настоящим защитником и воином. Сегодня я пригласил его и принял на работу в должности командира. Региональный общественный фонд имени Героя России Ахмат-Хаджи Кадырова тут же обеспечил его полным обмундированием и амуницией. В детских магазинах Грозного закуплено всё необходимое оружие и транспорт. Курировать работу моего охранника будет помощник Главы ЧР, директор ЧГТРК "Грозный" @groznytv Ахмед Дудаев @ahmed_95kra . Я поздравляю Магомед-Эми со вступлением на этот важный и ответственный пост! Желаю ему вырасти большим, сильным, настоящим патриотом и защитником Отечества! #Кадыров #Россия #Чечня #Газиев

A post shared by Kadyrov_95 (@kadyrov._95) on

 
Categories

Кыргыз-тажик өлкө башчылары жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чектешкен аймагынан жолугушту.

Мамлекет башчылары андан ары расмий сүйлөшүү үчүн Тажикстандын Исфара шаарына жөнөп кетишти. Алар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашат. Сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат.

 

 
Categories

Чек ара маселеси боюнча Жээнбеков Тажикстанга барат

Бүгүн, 26-июлда Сооронбай Жээнбеков  Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашат.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат.

 

 
Categories

Тунистин президенти көз жумду

Тунистин президенти Аль-Бажи Каид ас-Себси 93 жашында каза болду. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ал кечээ Тунистеги аскердик ооруканада көз жумган.

Каид Себси президенттик кызматты 2014-жылдан бери аркалап келет.

 
Categories

Атамбаев Орусиядан кайтып келди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-июль күнү саат 19:00дө Кыргызстанга кайтып келди.

Ал кечээ, 24-июлда Москвага Канттагы Орусиянын авиабазасы аркылуу учуп кеткен болчу.

Атамбаевдин бул сапарында Путинге жолуккандыгын расмий маалымат булактары жазып чыккан.