Categories

Ажыга барчулардын биринчи тобу 16-июлдан тартып жөнөйт

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан тарта Мекке шаарына аттанат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, зыяратчылар бир нече каттамга бөлүнүп жиберилет.

Жалпы 109 ажы башчы зыяратчыларды коштоп барат. Ар бир ажы башчы өзүнө бөлүнгөн 49 ажыга жооптуу экендигин белгилеп, аларга ажылыкка чейин эле коопсуздук, ажылык амалдары жана ал жактын мыйзамдарын, жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү керектигин эскертти.

Быйылкы жылы ажылыкка Кыргызстанга 5510 квота бөлүнүп, баасы 3000 доллар деп белгиленген.

 
Categories

Кой-Ташта сууга агып кеткен жигитти издөө уланууда

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы дарыяга түшүп кеткен жаранды издөө иши уланат.

Кечээ издөө иштерине 62 куткаруучу тартылып, жыйынтык болгон эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

1993-жылы туулган Б. С. аттуу адам кечээ сууга агып кеткен. Аны издөө үчүн Бишкек шаардык башкармалыгынан 20, Суучулдар борборунан 4, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 кызматкер тартылган.

 
Categories

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 1-июль күнү эртең менен тажик-кыргыз чек арасында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук Сейсмология институту кабарлагандай, силкинүүнүн очогу Тажикстанда орун алган.

Зилзала Кыргызстандын Кара-Тейит айылынан 29 чакырым, Карамык айылынан 30 чакырым алыскы аралыкта болгон.

Карамык, Кара-Тейит жана Шибээ калктуу жерлеринде силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен.

Кыйроолор, адам өлүмү катталган эмес.

 

 

 

 
Categories

Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленди

Суусамыр өрөөнүнүн Суусамыр жайлоосунда даңазалуу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленди.

Мааракеге Сооронбай Жээнебеков баштаган бир топ бийлик өкүлдөрү катышты. Жээнбеков Кожомкул баатыр кыргыз элин даӊазалаган өз заманынын залкар инсаны болгондугун белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын алкагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолду.

 

 
Categories

Конгодо Эбола вирусунан кайтыш болгондордун саны 1550гө жетти

Конго Демократиялык Республикасында Эбола жугуштуу илдетинин айынан былтыркы жылдын июль айынан бери 1553 киши каза болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

«2019-жыл 28-июндагы эсеп боюнча: жалпы 2297 илдетти жугузгандар, 1553 каза болгон жана 641 илдеттен айыккандар катталган»,- деп жазылат маалыматта.

Дарыгерлердин айтымына караганда, илдетке чалдыккан балдардын үчтөн экиси, чоң адамдардын 50 %ы каза болууда.

Эске салсак, Эбола эпидемиясы Батыш Африкада 4 жыл мурун жайылып баштаган. Ошондой эле, Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерия өлкөлөрүн каптаган. Ал эми Конго Республикасына эпидемия былтыркы жылдын июль айынын соңунда башталган.