Categories

1-августка карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 18….23… күндүз: 34… 39°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 14….19….күндүз: 31…..36°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 18…23….күндүз: 35……40°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 15…..20….күндүз: 23……28°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 10….15…..күндүз: 28….33°C;

1-августта Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 37……39°C, түнкүсүн 21 … 23°C.

 
Categories

Бишкекте кыргыз-өзбек өкмөт башчылары жолугушат

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов1-августта жумушчу сапары менен Бишкекке келет. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Абдулла Арипов жумушчу сапарынын алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен тар жана кең чөйрөдө жолугушат.

Эске салсак, 13-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуп, кыргыз-өзбек мамилесин тереңдетүүнү убадалашкан болчу.

 

 
Categories

Салык кодексине өзгөртүлөр киргизилди

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеште ушул жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү берими КНСтен  (кошумча нарк салыгы) бошотулган берим болуп саналат.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча азыркы учурда 12 менчик медициналык уюмда 1336 бейтап гемодиализ кызматын колдонуп жатат. Ошол эле учурда гемодиализ процедурасына муктаж болгон адамдардын саны көбөйүүдө.

Кошумча нарк салыгын төлөөдө салык жеңилдиктерин берүү менчик медициналык уюмдарга гемодиализ аппараттарынын паркын, көмөкчү жабдууларды жаңылоого жана медициналык персоналдын квалификациясын жогорулатууга өбөлгө болот, ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелерде адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон адистешкен медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондордун санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 
Categories

Нарында жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду

Нарында 2 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду. Бул туурасында облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-июль күнү  Нарын–Баетов унаа жолунун 90-чакырымында катталган. Аарыталган жолдо «Ниссан Цефиро» үлгүсүндөгү унаа менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. «Ниссан Цефиродо» бала-чакалары менен 7 адам, «Тойота Ипсумда» 5 адам болгон. Кырсыктан 10 адам катуу жаракат алып, облустук ооруканага жаткырылды. 1 аял киши менен 1 бала окуя катталган жерде каза болгон.

Учурда бул кырсык боюнча тийиштүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

 
Categories

Кадамжай РИИБне милициянын көчмө кабылдама унаасы берилди

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө, ЕККУнун колдоосунун негизинде пилоттук түрдө киргизилген милициянын көчмө кабылдама үчүн “Тойота-Hiace” үлгүсүндөгү унаа тапшырды. Бул тууралуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Көчмө кабылдаманын милдети милицияны эл менен жакындатуу жана район, шаардын алыскы аймактарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз алыскы айыл жерлерине чыгуу менен элдердин арыздарын, сунуштарын кабыл алуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда Баткен, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында милициясынын көчмө кабылдамасы толук кандуу иштейт. Алар 6 ай аралыгында 83 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 301 атуулду кабыл алышкан. Анын ичинен 86 атуул ар кандай мазмундагы арыз-даттануу менен кайрылган. 

 
Categories

3 миң аскер кызматкери турак жай үчүн кезекте турат

3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары 453 аскер кызматкери батирлүү болгон. Батирлер Баткен, Ош жана Бишкек шаарларында болгон. Учурда батир алуу жана турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча 2,5-3 миң аскер кызматкери кезекте турат. Бул жылы Ошто 216 батир жана Бишкекте 281 батирди берүү пландалып жатат.

 
Categories

Гүлсана Сарногоева “Улуу акындын кызы болуу сыймык жана жоопкерчилик” (Маек)


Байдылда Сарногоев деген ысымды билбеген кыргыз жок чыгар. Ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк таап, көзү өтүп кетсе да калктын калың катмары атын өчүрбөй сактап келет. Дал ошол улуу акындын кызы, маек төрүбүздүн коногу Гүлсана Сарногоева. “Кайра куруу” доору башталып, кыйынчылык күндөр кучагын жайып турганда Италияны көздөй бет алып кетип, иштеп, жашап калган. Улуу акындын кызы менен Италиядагы жашоосу, жана атасы жөнүндө азын оолак кеп кылдык.

Саламатсызбы Гүлсана айым? Алыста болсоңуз мекенди сагынсаңыз керек? Италияда канча жылдан бери жашайсыз?

Саламатчылык! Туулуп өскөн жерин сагынбаган адам болбосо керек. Албетте, Ала-Тоомду, кооз Кыргызстанымды сагынамын. Жыл сайын сагыныч, кусаны таркатып, барып келип турамын. Азыр заман кыйла өңүгүп калбадыбы, күн сайын апам, бир туугандарым менен интернет аркылуу баарлашып турабыз. Анан калса бул жерде кыргыздар көп, алардын бир тобу менен байланышып, мамилебиз жакшы. Мекендештеримдин кең пейилдигине суктанамын, баары ынтымактуу,биримдиктүү. Бул жакта кыргыз кечелери, майрамдар уюштурулуп турат.

Италияда көп жылдардан бери жашаймын. ” Кайра куруу” заманы жаңы эле башталганда өлкөбүздө чоң өзгөрүү болгон. Ал кезде мен кино тармагында эмгектенчүмүн. Залкар кинорежиссер Төлөмүш Океев жетектеген ” Келечек” киностудиясы менен биргелешип Американын, Италиянын режиссерлору ” Чынгызхан” аттуу тасманы тартабыз деп калышты. Мен атактуу актер Орозбек Кутманалиев агам менен бирге массовка менен иштеп калдык. Тасманы тартып бүткөндө мен Италияны көрүп келейин деп кеткем. Кайтып келгенимде иштейин десем иш жок, ата-энем, бир туугандарым да кыйынчылыкта жашап калган учур экен. Мен терең ойлонуп, Италиядагы кино тармагында иштеген тааныштарымдан иш сурап көрөйүн дедим. Ошолордун жардамы менен Италияга келип калып калдым.

Чет өлкөлүк жаранга турмушка чыккандыгыңыздан бир аз кабарыбыз бар. Үй-бүлөнүз, жолдошуңуз жөнүндө айтып берсеңиз? Жыйырма, он беш жыл мурда чет өлкөгө турмушка чыгуу мында турсун, Оштук кыздын Көлгө турмушка чыкканы кээ бир ата-энелер үчүн өөн көрүнүш эмес беле. Бул нерсени сиздин ата-энеңиз, жакындарыңыз кандай кабыл алды?

“Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт”– дегендей ар кимдин жашоосу ар башка да. Маңдайга жазган тагдырдан эч ким качып кутула албаса керек. Туура айтасыз, андай ата-эне үй-бүлөлөр азыр деле бар болсо керек. Биздин үй-бүлөдө андай мыйзам дээрлик жок болчу. Мен турмушка чыкканыма он жылдан ашуун убакыт болду. Турмушка чыгуу чынын айтканда оюмда деле да жок болчу. Жолдошум менен таанышканымда жашоо турмушу тууралуу айтып берген. Мурунку жубайы жаман оорудан каза болуп, 3-5 жаштагы балдарын өзү багып, чоңойтконун айтып берген. Балдары чоңоюп өз алдынча окуп, иштегенче бир да аялга көңүл бурбаптыр. Экөөбүз таанышканда көп ойлорубуз дал келди. Буйрук, насип экен бирге түтүн булатып калдык.

Белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин кызы экендигиңизди билебиз, белгилүү адамдын кызы болуу сыймыкпы? Атаңызды эстегенде оюңузга эң биринчи эле эмне келет? Мыкты акын экенин билебиз, кандай ата эле?

Байдылда Сарногоевдин кызы болуу чоң сыймык жана жоопкерилик! Өзүмдөн мурда атамдын атына так түшүрбөсөм экен деп абайлап турамын. Тагдырга миң ирет ыраазымын. Атамды эстегенимде көп ойлордун ичинен эң биринчи эле ушул нерсе эсиме түшөт. “Буйурса өлкөбүз чоң даражага жетет” – деген сөздү көп айтчу. Ошол ойлогон тилегиңиз орундалса экен деп ичимден ойлоп коемун. Атам кең пейил адам, мыкты ата эле. Жаш баланыкындай жан дүйнөсү таза, бирөөгө жамандык каалабаган адам атам болчу. Улуу-кичүү дебей баарына жакшы мамиле жасачу. Шаарда турабыз, айылдагы туугандардын балдары студент болуп жүрүшкөндө биздин үйгө келип жашашчу. Эки комнаталуу үйдө, 9, 10 адам болуп тыгылып жашай берчүбүз. Бир да жолу аларга башка жактан жай тапкыла деп айткан эмес. Адам пейилин кенен кылса, баары жакшы болот дечү.

“Аккан арыктан суу агат”- деген сөз бар эмеспи, сиздин да ырга шыгыңыз барбы же чыгармачылыктан таптакыр эле алысызбы?

Мен кичинемде ыр жазып калчумун, 20 жашымда болсо керек атама көрсөтпөй, ” Ленинчил жаш” деген гезиттин редакциясына ыр жибергем. Атама текшертсем мүмкүн оңдоп берет эле же болбосо жарабайт ыр жазганга шыгың, таланттың жок деп айтат беле деп эми ойлоп коем. Анан бир күнү редакциядан жооп келди, ыр саптарыңызды окудук, көркөмдүүлүгү жагынан начар деген. Ошондо катуу шагым сынып, каалоом жоголуп кеткен. Андан кийин колума калем албай калдым. Кийин бир таанышым айткан:” Атаңа ыр саптарыңды окутпай кемчилик кетиргенсиң”- деп. Балким анда жаштык кылсам керек.

Атанызга жакын белеңиз? Улуу акын өмүрүндө эмнеге кубанып, эмнеге өкүндү эле?

Атама аябай жакын болчумун. Чыгармачылык менен алектенген жеке кабинети бар болчу,кээде кирип калганымда комуз чертип берчү. Анан китеп текчеде тизилип турган китептерди көрсөтүп: “Гүкүтай, карачы бул китептерди окуп чыксаң дүйнө жузү менен жакшы таанышып чыгасың ”- деп өзгөчө бир сыймык менен айтчу. Тарых, маданият, өзүнүн башынан өткөн окуяларды айтып берүүдөн эч тажачу эмес. Атам жакшы жаңылыктын баарына абдан кубанат эле. Эмнеге өкүнгөнүн бизге таптакыр айтчу эмес. Жөн эле комузун колуна алып, муңдуу күүлөрдү чертип отуруп калганында түшүнчүбүз. Балким бизди аяса керек. Атамдай адам дүйнөдө аз чыгар.

Маектешкен: Гүлзада Абдыраxманова

 
Categories

Майлуу-Суу лампа заводунда учурда 1700 адам иштейт

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводу 1700дөй жергиликтүү тургунду иш менен камсыздап, ушул тапта лампанын ондогон түрлөрүн чыгарууда. Ошондой эле заманбап, электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды чыгарып экспорттоого жетишкен.

Кытай жана Түркия өндүрүшүндөгү лампалардан айырмаланып, Майлуу-Суу лампасынын сапаты жогору экени аныкталган.

Заводдун жетекчилиги маалымдагандай, алар мамлекеттик колдоого муктаж. Учурда эски өндүрүштөгү лампалар бара-бара рыноктон суурулуп чыгууда. Андыктан, заводдогу жабдууларды да реконструкциялоо зарылдыгы чыгууда. Ал учун жалпы жонунан 7.5 млн доллардай акча каражаты керектелет.

Кошумчалай кетсек, завод ай сайын 15 млн сом салык төлөйт.

 
Categories

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

29-июль күнү кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп жаткан Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1977-жылкы Т.А., аттуу Казакстандын жараны Чу дарыясы аркылуу Казакстандан Кыргызстандын аймагына өткөн кезде чек арачылары тарабынан колгон түшкөн.

Керектүү документтер толтурулгандан кийин мыйзам бузуучу Улуттук коопсуздук камитетинин тиешелүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

 
Categories

Азимжан Аскаровдун иши кайра каралууда

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароону баштады. Жаңы кодекстер ишке киргенден кийин соттолгондун жактоочулары анын ишин кайра карап чыгуу сунушун жөнөтүшкөн.

Эске салсак, Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган. Ага улуттар аралык ынтымакты бузду жана 2010-жылы түштүктө болгон окуяда милицияны өлтүрдү деген айып тагылган.Февралдын аягында Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова, жактоочу Валериан Вахитов жана «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишкен. Анда жаңы кодекстерге ылайык жашы 60тан ашкан соттолуучуларга жеңилдик берүү тууралуу өтүнүч жазылган.