Categories

Бүгүн «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын салымы» фестивалы өтөт

Бүгүн Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындгы балдардын жана өспүрүмдөрдүн китепканасында «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын салымы” аталышындагы Балдардын фестивалы өтөт. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Ага Бишкектен жана региондордон келген эл аралык жана ата мекендик мелдештерде чоң ийгиликтерди жараткан таланттуу балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар катышат. Ага 170 бала катышышат.

Фестиваль эл аралык сынактардын жана мелдештердин жаш жеңүүчүлөрү тарабынан даярдалган чакан концерт менен башталат. Иш чара чыгармачыл, көңүл ача турган форматта өтөт. Искусствонун ар кандай түрлөрү жана робототехника, шахмат, химия, менталдык арифметика, таэквондо жана башкалар боюнча мастер-класстар уюштурулат. Атайын жасалган фотоаймакта балдар өзүн ар кандай образдарда сынап көрсө болот, тигил же бул кесиптин атмосферасына чөмүлүп кыялдана алышат. Президенттердин клубу өзүнчө иштейт, ал жерде жаш лидерлер- мектептин президенттери чогулуп, талкуулап, “Президентке жана Кыргызстан элине Кайрылууну” жазышат.

Иш чарага КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева , КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары А.М. Кененбаев, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлү жана башка расмий адамдар катышат. Фестивалды Канат Дилдедосов жана Урмат Борченовдор алып барышат

 
Categories

Түндүк Корея Трамп менен ийгиликсиз аяктаган саммит үчүн дипломаттарын өлүм жазасына тарткан

Быйыл мартта Түндүк Кореянын өзөктүк маселелер боюнча АКШдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ким Хек Чхол менен Тышкы иштер министрлигинин төрт кызматкери өлүм жазасына тартылган. Буга эки өлкө лидеринин саммитинин жыйынтыксыз аяктагандыгы себеп болгон. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги түштүк кореялык басылмаларга таянып билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Ким Хек Чхол ага чыккынчылык жана АКШ менен кызматташуу айыптары тагылгандан кийин атылган. Мындан тышкары Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын башкы кеңешчиси Ким Ен Чхолго карата катаал шарттарда оор жумуштарды аткартуу өкүмү чыгарылганы кабарланууда.

Түндүк Корея лидери менен АКШ президентинин тарыхтагы алгачкы жолугушуусу былтыр июнда Сингапурда өткөн. Анын жыйынтыгында эки өлкө лидери кол койгон документте Вашингтон «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Пхеньян «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген.

Быйыл февралда Ким Чен Ын менен Дональд Трамптын экинчи жолугушуусу Ханойдо өткөн. Анда Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан толук баш тартуусу жана Пхеньянга каршы киргизилген америкалык санкцияларды алуу маселелери талкууланган. Бирок жолугушуу ийгиликсиз аяктап, тараптар биргелешкен декларацияга кол коюшкан эмес.

11-апрелде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «өлкө жарандарын чөгөлөтүүгө үмүт кылып» санкция киргизгендерге карата сокку ура турганын эскерткен.

Ханойдогу саммиттин ийгиликсиз аяктаганына карабастан Трамп Ким менен жеке мамилеси жакшы экенин белгилеп, ортодо дагы сүйлөшүүлөр болоруна ишене турганын айтып келет.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ар бир баланын татыктуу жашоого укугун камсыздоо – мамлекеттин негизги милдети

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.

“Урматтуу мекендештерим! Кымбаттуу балдарым!

Бүгүн биз эл аралык коомчулук менен бирге 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүн белгилеп жатабыз. Кыргызстан 25 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялаган. Балдар калктын аярлуу бөлүгү катары мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге муктаж.

Ар бир баланын татыктуу жашоого жана кеңири келечекке ээ болуу укугун камсыздоо – коомубуздун да, мамлекеттин да негизги милдети. Үй-бүлөдөгү мыкты тарбия – коомдун руханиятынын асылдыгынын, мамлекеттин бекемдигинин булагы. Биздин балдарыбыз ата-энесинин жана жакындарынын мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын доорун үй-бүлө чөйрөсүндө сүрүшү керек.

Кымбаттуу балдарым!

Биздин эң ыйык байлыгыбыз, кубанычыбыз, эртеңкиден үмүтүбүз, жашообуздун маңызы – силерсиңер! Силерге чың ден соолук, бактылуу балалык каалайм! Ар дайым асманыңар ачык, маанайыңар жарык болсун! Акылдуу, чынчыл, адептүү, ата-энеңерге кайрымдуу, билимдүү жана мекенчил болуп чоңойгула!

 
Categories

Искендер Матраимов кызматтан кетээрин кийин айтат

“Азаттыктын” Матраимовдордун каражаты тууралуу изилдөөлөрү коомчулуктун көңүлүн кайрадан бурду.   Депутат А. Шыкмаматов тийешелүү финансы,  укук коргоо органдары аны изилдөө керек экендигин айтса, депутат  Дастан Бекешов Искендер Матраимов парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан өз эрки менен кетиши керектигин билдирди. Ошондой эле Финансы полициясынын кызматкери  Ислам Матраимов да кызматын токтото турушу керектигин айтып чыкты.

Мындан улам бир тууган Матраимовдорго  катуу чабуул башталганы байкалат. Учул эле учурда Искендер Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп, ооруканага түшкөндүгү маалымдалууда. Ал ооруканада жаткандыгына байланыштуу жогорудагы айтылгандарга жооп бере элек. Буга ал кийинчерээк жооп берерин билдирген.

Эске сала кетсек, мындан эки күн мурда  «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 млн. доллар тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Ал каражат Матраимовдордун үй-бүлөсү экендиги тууралуу коомчулукта пикирлер пайда болгон.