Categories

Караколдо сууга агып кеткен наристенин сөөгү табылды

Каракол шаарында 3 жашар бала Каракол суусуна агып кетип, жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгондон соң  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы жарым сааттан соң Жолголот айылына жакын арыктын жээгинен наристенин сөөгүн табышкан. Каргашалуу кырсык болгон учурда наристенин жанында 5 жашар агасы болгон. Ал куткарууга аракет кылып, бирок алы келбей, шар аккан сууга жулдуруп жиберген.

 

 
Categories

29-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 29-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.Тоо этектеринин айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаашы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 16….21… күндүз: 31… 36 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 14….19….күндүз: 30…..35°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 17…22….күндүз: 31……37°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 10…15….күндүз: 24……29°C;

Наын облусунда

түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 24….29°C;

29-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 34….36°C, түнкүсүн 19….21°C.

 
Categories

Украина менен Кыргызстан айыл чарба багытында кызматташууга даяр

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерия Жовтенко менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тарап айыл чарба багытындагы тармактарды талкуулашты.

Валерия Жовтенко: “Кыргызстанды биз экономикалык жактан өсүп келе жаткан келечектүү өлкө катары тааныйбыз. Кыргызстандын айыл чарба азык түлүктөрүн сатып алууга Украина кызыкдар жана Украинанын азык-түлүктөрдү кайра иштетүүчү сапаттуу техникалардын жабдууларын Кыргызстанга экспорттоону көздөп жатат”,-деди. Ошондой эле Кыргызстандан малдын терилерин сатып алууну максат кылып жаткандыгын  белгиледи.

Министр Э.Чодуев: “Министрликтин эң негизки багыттары азык-түлүктөрдү ЕАЭБге жана башка өлкөлөргө сатуу ошондой эле кайра иштетүүчү иш каналарды куруу, калыбына келтирүү, санариптештирүү болуп саналат. Биз ар дайым айыл чарба багытында кызматташууга даярбыз” – деди. Жолугушууда эки тарап 2019-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында бизнес-форум өткөрүүнү макулдашты.

 
Categories

Жээнбеков Абылгазиев менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чараларды талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Учурдагы жыйынтыктар, өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле пенсияларды жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыларын көбөйтүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрү талкууланды.

Президент аймактык өнүгүү, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү, анын ичинде салыктык процедураларды фискализациялоо жана «Түндүк» ведомство аралык электрондук системаны киргизүү, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча чараларды тездетүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ошону менен катар эле Коопсуздук кеңешинин санариптештирүү жана жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышы жетиштүү көзөмөлдөнбөй  жатканын айтты. Мындан тышкары,  Россия, Кытай, Индия, Германия тараптары менен мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин координациялоо маанилүү экендигин өзгөчө баса белгиледи.

Муну менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн алардын тизмеси түзүлүшү керектиги эске салынды. Мындан тышкары  райондук борборлордо жолдорду оңдоо, Түндүк-Түштүк, Бишкек-Кара-Балта, Ош-Баткен-Исфана-Худжант жана башка республиканын негизги автожолдорун куруунун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеш экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган мыйзам демилгелеринин бардык пакетин колдоп бергенин билдирди. Президент  көңүл бурган багыттардын бардыгын ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынаарын белгиледи.

 
Categories

Кыргызстандын калкы 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз болот.

Кыргызстандын калкы 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында иштер аткарылууда.

“Таза суу менен камсыз кылууга Дүйнөлүк банк, Европалык өнүгүү жана реконструкция банкы, Европалык инвестициялык банк, Швейцария Конфердерациясынын өкмөтү, Азия өнүгүү банкы жана башкалар жардам көрсөтүшүүдө. 584 айылдын тургундары таза сууга муктаж. Өкмөт тарабынан республиканы таза суу менен камсыз кылуу максатында көп аракеттер көрүлүүдө. Бул максатта жыл сайын республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүп келет”, – деди К.Боронов.

Биринчи вице-премьер кабарлагандай, калк толугу менен 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз болот.

“Учурда 1819 айылдын 584дө суу тартуу системасы такыр жок. 572 айылда ошол системаларды жаңылоо керек. Үстүбүздөгү жылы таза суу менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 200 млн.сом бөлүнгөн, дагы 200 млн.сом бөлүп берүү каралууда”, – дейт Боронов.

 
Categories

Оштон Ысык-Көлгө алгачкы авиакаттам жүргүзүлдү

Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көлдөгү Эл аралык “Тамчы” аба майданына Ош шаарынан келген алгачкы авиакаттамдын учагы конду. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

“Тез Жет” авиакомпаниясынын RG-85 учагы Ош – Тамчы багыты боюнча 88 жүргүнчүнү алып келди. Ал эми Тамчы — Ош багыты боюнча 50 жүргүнчү учуп кетти.

Бул каттам туруктуу жүргүзүлүп, аптасына 4 жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү келип-кетип турат.

 
Categories

12 жаштагы өспүрүм ок атуучу курал менен эгизин атып алды

АКШда 12 жаштагы өспүрүм эгизин атып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалым болгондой, окуя 24-июнда АКШнын Сан-Бернардино шаарында катталган. Үйдө жалгыз калган эгиздер ата-энесинин бөлмөсүндө жайгашкан ок атуучу куралды алып чыгып ойноп жаткан учурда кокустан бирөөсү түгөйүн атып алган. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.

Катталган окуянын алкагында “балдарды коркунучка калтырган” деп полиция кызматкерлери тарабынан 45 жаштагы эгиздердин апасы кармалган.

 
Categories

Тарых илимдеринин доктору Кененсариевдин илимий ишмердигине арналган конференция өтөт

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 2019-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында өтүүчү “Кыргызтаануунун, манастаануунун жана ата-мекен тарыхынын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга чакырабыз. Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” Фонду, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана анын курамындагы Манастаануу институту, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси (КТК) тараптарынын колдоосунда уюштурулууда.

Аталган эл аралык илимий конференция Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык өмүр-таржымалына, 50 жылдык уюштуруучулук-педагогикалык, илимий жана коомдук ишмердигине арналат.

Илимий конференциянын негизги багыттары:

–– Кыргызтаануунун, манастаануунун жана инсантаануунун актуалдуу маселелери;

–– Алтай-Ала-Тоо көчмөн цивилизациясы: көз караштар жана жаңычылдык;

–– Кокон хандыгынын тарыхы жана Падышалык Орусиянын отор саясаты;

–– ата-мекен тарыхынын, кыргыз улуттук илиминин ар кыл аспекттери;

–– Т.Кененсариевдин педагогикалык-уюштуруучулук ишмердиги, илимий жетишкендиктери жөнүндө пикирлер, каалоолор.

Конференцияга катышуу арызы жана баяндаманын тексти Уюштуруу комитетине 2019-жылдын 10-сентябрына чейин электрондук кат менен жөнөтүлүүсү зарыл. Уюштуруу комитети баяндаманын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү жана расмий чакыруу кагазын автордун электрондук дарегине сентябрь айынын 20-сентябрына чейин маалымдайт.

Баяндамалар жана макалалар кыргыз жана башка түрк тилдеринде, ошондой эле англис жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Конференцияга чейин материалдар И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысынын РИНЦке кирген атайын санына жарыялануусу күтүлүүдө. Ошондуктан ар бир катышуучу конференциянын катышуучуларын каттоо кызматына өзү менен кошо ала келген 500 сомду каттоо алдында тапшыруусу тийиш.

Илимий жыйын өткөрүлүүчү жай – Кыргыз Республикасынын “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин имаратынын жыйындар залы, 2-кабат.

Дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, И.Раззаков көч. 8/2

Конференциянын датасы – 2019-ж. 3-октябрь, бейшемби. Башталышы 9.00

Уюштуруу комитетинин электрондук даректери:

“Мурас” фонду: kaganat2012@gmail.com

Манастаануу институту: manastaanuu2012@mail.ru; hidirova.75@mail.ru,

Иш-чара ээси:  t.kenensariev@gmail.com

Байланыш телефондору: +996772151424, +996703260081

Илимий баяндаманы, макаланы даярдоо талаптары

Макаланын башында автордун изилдөөсү жүзөгө ашырылган мекеменин толук аталышы, автордун  толук аты-жөнү, илимий даражасы жана наамы көрсөтүлүүгө тийиш.

Автор сөзсүз түрдө макаланын аталышын, кыскача аннотациясын жана түйүндүү сөздөрдү кыргыз, орус жана англис тилдеринде берүүсү зарыл.

Макаланын көлөмү 6-10 барак, интервалы – 1,5 жана  14-өлчөмдөгү арип менен берилип, беттин параметрлери – үстү жана асты 2,5 см.; сол жагынан 3.0 жана оң жагынан 1.0 см. талаа калтыруу менен ар бир бетке катар номур коюлушу керек.

Текстте келтирилген шилтемелер квадраддык кашаанын ичинде кабыл алынган эреже менен, ал эми  булактардын жана адабияттардын тизмеси тексттин аягында алфавиттик тартипте берилет.

Уюштуруу комитети

 
Categories

Казакстан Борбордук Азияда инвесторлорду тартуу боюнча лидер болуп калды

Казакстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде инвестиция тартууга ыңгайлуулугу боюнча биринчи орунга чыкты. Өткөн жылы Казакстан 24 млрд. түз ивестиция тарткан. АКШ, Нидерланд, Швейцария, Россия жана Кытай өлкөлөрүнүн инвесторлору инвестицияларын салышкан.

Тышкы иштер министринин орун басары Ермек Кошербаевдин маалыматына караганда, өткөн жылы инвестиция тартуу 15,8 пайызга өскөн. Кыргызстандан 851 млн, Тажикстандан 645 млн. Өзбекстандан 624 млн. доллар көп тарткан.

Кошербаев: “Казакстан Борбордук Азияда инвесторлорду тартуу боюнча лидер болуп калды. Эгемендүүлүк жылдар ичинде жалпысынан 320 млрд. инвестиция кирди”,-деди.

Анын маалыматтарына караганда, айрыкча Нидерланд өлкөсү инвестицияны арбын салууда. Алар нефть жана газ өндүрүүгө кызыгышууда.  Казак бийлиги сырткы өлкөлөрдөн келген түз инвесторлорго жеңилдик берүу жагынан атайын мыйзам актыларын иштеп чыгышкан.

 
Categories

Б.Төрөбаев: “Ак үйдүн тосмосун алып, ачык аянтча кылуу зарыл”

Ак үй тосмосу жок ачык туруусу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн имараты тосмосу жок ачык турса да эл алардын алдына барып митинг кылбайт. Баары президент же парламентке үнүн жеткирүү үчүн Ак үйдүн алдына келишет. Мындан улам, Ак үйдү дагы тосмосун алып, элдин үнүн угууга ачык аянтча кылуу зарыл.

«Бийлик электрондук түрдөбү, видео кайрылуу аркылуубу, элге ачык болушу зарыл. Учурда жарандык коом активдүү. Биз алардын күчүн, активдүүлүгүн колдонушубуз керек. Тагыраагы, элдин демилгесин, күчүн колдонуу керек», — дейт Төрөбаев.