Categories

25-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот.  Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 15….20… күндүз: 29… 34 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 14….19….күндүз: 28…..33°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 16…21….күндүз: 30……35°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 10…15….күндүз: 22……27°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 18….23°C;

25-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32….34°C, түнкүсүн 18….20°C.

 
Categories

Дональд Трамп: АКШ Иран менен сүйлөшүүгө даяр

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Тегеран менен диалогго даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

20-июнда Тегеран америкалык чалгын дронун атып түшүргөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны кайра токтоткону кабарланган. АКШ президенти NBC News телеканалына берген маегинде өзөктүк маселе сүйлөшүүнүн күн тартибинде болорун билдирди.

“Эгер Иран кайрадан гүлдөгөн өлкө болууну кааласа, каалоо болсо, биз өтө тез макулдаша алабыз”, – деди Трамп.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео дагы Жакынкы Чыгышка баратып, өз пикирин билдирди. Америкалык дипломаттын айтымында, Иран байланыштарды жандандырууга кызыкдар болсо, АКШ ага жараша жооп берет. Помпео аймактагы көйгөйлөргө карата “өнөктөштөрдүн стартегиялык ыкмаларынын окшоштуна” көзү жетүү үчүн Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмиратына барат.

Тегеранга элдешүүнү ишара кылганы менен Дональд Трамп бүгүн Иранга карата жаңы санкцияларды жарыялашы мүмкүн.

 
Categories

Ак-Буура суусуна унаа кулап, 3 адам көз жумду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 30-чакырымында Ак-Буура дарыясына унаа кулап, 3 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМдин  басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, дарыяга кулаган “Жигули” үлгүсүндөгү унаада 1976-жылы туулган С.М., 1978-жылы туулган Т.А. жана 2009-жылы туулган Ж.Ш. болгон.  Кырсык 22-июнь күнү катталып, көз жумгандардын сөөгү кечээ, 23-июнь күнү табылып, туугаандарына өткөрүлүп берилген.

 

 
Categories

Казакстанда аскердик ок дарылар сакталган жайда жарылуу болду(видео)

Мындай жарылуу Казакстандын түштүк тарабында жайгашкан Арыс шаарынын  №44856 аскердик бөлүгүндө болду. Жарылуу эрте менен 9:20 да эл жашаган аймакка жакын жерде башталган.

Жарылуудан улам жашоочулар шаарды таштап качып жатышат. Шымкент жана Түркестан акимиятты биргелешип, элдин баш калкалоосу үчүн 15 жайды ырасташкан.

Учурда 40 автобус элди ташып жаткандыгы айтылууда. Арыста 43 миң жашоочу бар.

 
Categories

Араванда сууга агып кеткен жаш жубайлардын биринин денеси табылды

Бүгүн, 24-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Аравандагы Кайрагач-Арык айылындагы каналга агып кеткен жубайлардын биринин денеси табылды.

Маалыматка ылайык, жоголгондорду издөөгө Өзбекстандын куткаруучулары да тартылып, 22-июнь күнү  Түштүк Фергана каналынан белгисиз адамдын денеси табылгандыгын кабарлашкан. 23-июнь күнү жубайлардын туугандары барып, ал А.Г экендигин таанып, денесин алып келишкен.

Эске салсак, каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 20-июнь күнү саат 11:00 чамасында катталган. Кокустан каналга түшүп кеткен жубайын  куткаруу үчүн жолдошу сууга секирип, экөөсү тең агып кеткен. Алар 1986-жылы туулган Х.Х менен 1997-жылы туулган жубайы А.Г. болгон.

 

 

 

 
Categories

Жыргалбек Касаболотов: Кыргызстан эмне, “Миллиондор” менен “Мультимиллионерлердин” футбол талаасыбы?

“Элитабыз” деп эркелеп атып элдин убалына калышпаса болду, чоңдор. Кыргызстан эмне, “Миллиондор” менен “Мультимиллионерлердин” футбол талаасыбы? Ушулардын айынан кырылып, ушулардын пайдасына кыргыз кыргызга таяк ала чуркагыдай ким булардын баары? Же мыйзам чегинде чечишпейби, же анчалык эр экен элди ала жатпай ары жакка барып жекеме жеке эркекче кырылышпайбы.

Жок, анткиси келбейт. Анткени уурунун көчүгү кууш. Баары элдин артына жашынып, элди оюнчук кылгысы келет. Оюнда булар сайрап аппак болуп турса, анан эл булар үчүн бирине бири атырылып жаатташып турса. Өздөрү зоопарк болгону аз келгенсип элди да ыркыраштырып айбан деңгээлине түшүргүсү келет. Тапкан экенсиңер!

Эгерде “сенин итиңден менин итим жакшы”, “сенин айлындагы уурудан менин айлымдагы ууру артык”, “сенин митеңден менин митемдики туура” деп ушулардын чырагына май тамызып, ушулар үчүн ыркыраша турган болсок – анда биз ЭЛ деген улуу атка татыктуу эмеспиз. Анткени чыныгы ЭЛ дегеле уурулар менен жашагысы келбейт. ЭЛ уурулардын БААРЫН жазалагысы келет. Ошондо чындап ЭЛ болот.

Мамлекет да уурулардын БААРЫН тегиз жазалаганда гана Мамлекет деген атка татыйт. Болбосо жөн гана бийликке келген кезектеги бир үйүр. Үйүр болсо кайра эле зоопарк. Ким болгусу келгенин азыркы бийлик өзү тандасын.

“Чындык эле чындык” дейбиз. “Тигинин чындыгы, мунун чындыгы” дейбиз. Бирок чындык антип бөлүнбөйт. Чындык “мен эле мен” деп төш кагып кыйкырбайт. Чындык Арстанбапта, Ала-Арчада, Ата-Бейитте унчукпай эле тыптынч жатат. Айтчусун айтып койгон. Жасачусун жасап койгон. Берерин берип койгон. Эч кимге карыз эмес. Чындык ошолордо. Силерде эмес. А силер ошолордун башын тебелеп келип эми элдин атынан сүйлөгүңөр келет баарыңар. Элден айлангыла.

Булардын баарын бир камерага тыгып, аягында аман чыкканын катырып туруп музейге сактап коюш керек болуп калды. Кийинки муундарга сабак болушу үчүн. Акыркы динозаврлардын скелетиндей кылып.

Башкага жарабайсыңар, кыргыздын “ЭлИттери”.

22 июня в 23:02

 
Categories

Мирзиёев демилгелүү ыр окуган окуучу кызга унаа белек кылды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев элдин, мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган “Беш демилге” аттуу ыр окуп берген окуучу кызга унаа белек кылды.

Маалыматка ылайык, Мирзиёев 1-июнь күнү Ташкент облусундагы Бустан айылына иш сапары менен барып, Фазилат Якубова аттуу окуучу кыздын окуган ырына ыраазы болуп кайткан. Ошондой эле, анын үй-бүлөсүнө автоунаа тартуулоого убада берген.

Жакында президенттин берген убадасы боюнча, 3-класстын окуучусу Фазилат Якубованын үй-бүлөсүнө Chevrolet Cobalt унаасын белекке берди. Унаа ачкычын Ташкент облусунун акиминин милдетин аткаруучу Рустам Холматов тапшырды

 
Categories

Сот Ж. Эрматов үй камагына чыккандыгы чындыкка дал келбейт

Мындай билдирүүнү ИИМдин маалымат кызматы жарыялады.

Айрым маалыматтык агенттиктер кээ бир булактарга шилтеме берүү менен Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Ж. Эрматов үй камагына бошотулганын билдиришкен.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу боюнча кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Ж. Эрматов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган. Сот тарабынан 2 айга тергөө абагына камакка алуу чечими чыккан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.

 
Categories

Грузин оппозициясы Тблисинин борбордук көчөлөрүн жабууда

Кечээ кечинде грузин оппозициясы жана мурдагы президент Михаил Саакашвилинин тарапташтары Тблисидеги Руставели проспектисин жабышты. Митингичилер Грузиянын ИИМ министри Георгия Гахариянын отставкасын, абактагыларды бошотууну талап кылышууда.

Эске сала кетсек, мындай нааразычылыктардын башталышына россиялык депутат Сергей Гавриловдун Грузияга келишине байланыштуу өлкөнүн оппозициялык маанайдагы депутаттары парламентте россияга каршы акцияларды өткөрүшкөн.

 
Categories

Нарында “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы өтөт.

Нарын шаарында “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын маалымат катчысы Майрамбек Өмүрбаев билдирди.

28-июнга жана 29-июнга мерчемделген 2 күндүк фестиваль кыргыз шырдагын, боз үйүн, дегеле жүн буюмдарын таанытуу, жайылтуу, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин экспорттоо максатында уюштурулган. Ага жергиликтүү кол өнөрчүлөрдөн сырткары, чет өлкөдөн да атайын коноктор чакырылган.

Фестиваль шаардагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-академиялык драма театрында өтөт. Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн ишин калыстар тобу карап чыгып, мыкты эмгектерге “Мыкты шырдак”, “Мурас шырдак” сыяктуу бир катар номинациялар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Байге фонду — 300 миң сом.

Белгилей кетсек, “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы быйыл тогузунчу ирет уюштурулуп жатат.