Categories

1-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, айрым учурларда 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 13…18… күндүз: 28… 33 °C

Талас облусунда

түнкүсүн: 10….15….күндүз: 26…..31°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 14…19….күндүз: 28…33 °C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 9…14….күндүз: 19…24 °C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 20….25°C;

1-июнда Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.  Түнкүсүн жаан-чачын болбойт.  Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 31….33 °C, түнкүсүн 16…18 °C градус болот.

 
Categories

Ысык-Көлдүн 80 жылдыгы белгиленет

Быйыл, Ысык-Көл облусунун түзүлгөнүнө 80 жыл толот. Буга арналган маданий иш-чара 20-июнда Түп районунун Каркыра жайлоосунда белгиленет. Бул тууралуу Ѳкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дамир Моӊолдоров билдирди.

Анын айтымында 80 жылдык мааракенин урматына белгилүү манасчылар Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгы да камтылат. Андан сырткары, Малчылардын майрамы да уюштурулуп, асыл тукум мал көргөзмөсү, жайыт пайдалануу боюнча маселелер каралат.

“1939-жылы Калининдин указы менен Ысык-Көл облусу болуп түзүлгөн экен. Демек, быйыл облусубуз 80 жашка толот, анын алкагында биздин аймак бир топ иш-чараларды белгиледи. Ошондой эле, Советтер Союзу мезгилинде жыл сайын өтүп турчу Малчылардын майрамы кийинчерээк белгиленбей калган. Акыркы эки жылдан бери бул иш-чара кайра жанданып, 80 жылдыкка утурлай белгиленүү алдында турат”, — деди Дамир Моңолдоров.

Маалымдай кетсек, аймактын мааракесине өкмөттүн расмий өкүлдөрү, коңшу өлкөлөрдөн да коноктордун келүүсү күтүлүүдө.

 
Categories

Ассоль Молдокматованын айкелин орнотуу сунушталды

Бишкекке алып баруучу Ассоль Молдокматованын айкелин орнотуу сунушталды. Бул тууралуу Орусиянын скульпторлорлор ассоциациясынын президенти Иван Дубровин маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Ассоль Молдокматованын эмгегин баалап ордо каалада айкел орнотуу керек.

“Бишкек мэриясы жер бөлүп берсе, биз айкелди түзгөнгө киришебиз. Айкелди жөн эле жасап койгон болбойт. Аны бөлүнгөн жерге карата жасаш керек. Мен сулуу Ассолдун айкелин эмес, ал жерге адамдар келип, сүйлөшүп, шыктана турган жер болсо”, — дейт Иван Дубровин.

 
Categories

Назарбаевдин алгачкы махабаты кыргыз кызы экенин билчү белеңиз? (видео)

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин алгачкы сүйүүсү Турган Абдыкеримова аттуу кыргыз кызы болгон. Мындан 60 жыл мурда сүйүүсү тутанган жаштар эмне үчүн баш кошушкан эмес? Алардын махабатына эмне тоскоолдук жараткан? Мына ушундай суроолорго жооп издеп, биздин чыгармачыл топ Турган апаны таап, жакындан таанышып келди.

 
Categories

ИИМ кызматкерлери аралашкан кылмыштуу топ кармалды

Чүй областынан 12 калибрдеги кесилген мылтык жана ок-дарылар, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Москва райондук ИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты К.К. жана Бишкек шаарынан Чүй областынын криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги К.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармоо учурунда К.К өзүнүн ВАЗ 2107 маркасындагы автоунаасы менен кылмыш болгон жерден качып кетүү аракетин көрүп, жыйынтыгында кармап жаткан топтун автоунааларынын бири менен сүзүшүп алган.

Такталган боюнча, кылмыштуу топтун уюштуруучусу К.Р. болуп, калк керектөөчү товарларды дүңүнөн жана чекен саткан жеке ишкерлер менен коңшу мамлекеттерден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын (божомолдор боюнча 5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө)аткезчилик жол менен ташыган тараптарга кол салууну белгилеп жатышкан.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, КР кылмыш-жаза кодексинин 321 беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталды. Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

 
Categories

Бүгүн Кадыр түн

Быйыл Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирет.

Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:

  1. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.
  2. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.
  3. Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан:

Ким кадыр түндү сообуна ишенип ыкылас менен, өткөрсө,

мурунку күнөөлөрү кечирилет ”

Кадыр түн Курани Карим түшүрүлгөн түн.

Касиеттүү кадыр түндүн керемет өзгөчөлүктөрү менен соопторунун бир башаты — ушул түндө Курани Каримдин пайгамбарыбызга (САВ) түшүрүлө баштаганы. Курани Карим — Алаах Таала тарабынан адамзатка берилген түбөлүктүү керемет китеп. Курани Каримдин тендешсиздиги, кереметтиги өксүбөстөн, убакыт өткөн сайын даана байкалып, кыяматка чейин уланат.

Адамдын жүрөгү Курани Карим аркылуу ачылып, Курандын терең жана бийик маанилери менен күч кубатка толот. Куран аркылуу акыл нурданып, зээн курчуйт. Курандан насип буйурбаган адамдын жүрөгү ойрондолуп, чалдыбары чыккан ээн үйгө окшойт. Ошондуктан, Курани Каримди сүйөлү, окуйлу, угалы, үйрөнөлү жана үйрөтөлү. Үйрөнүүгө, окууга жана окутууга үндөп, ушул жолдо башкаларга жардам берели. Касиеттүү ыйык Рамазан айында буларга айрыкча көңүл буралы. Дегеле Куран айаттарынын терең маани мазмунун жана жол-жоболорун көңүл койуп үйрөнүп билгенге аракет жасап, Курани Каримди жакшы түшүнгөн илим дүүлөрдөн мүмкүн болушунча сурап үйрөнөлү.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек:

  1. Кадыр кечесинде ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек;
  2. Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусу керек;
  3. Көп дуба кылуу керек;
  4. Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек;
  5. Өткөн күнөөлөргө тооба кылуу керек;
  6. Аллахты зикир кылуу керек;
  7. Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек.

 

 
Categories

Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын хоккейчилери дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды

Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курамасы териштирүү иштеринин жыйынтыгында, жокко чыгарылган жеңишин кайтарып алган. Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылдын 1-17-май аралыгында Цюрих менен Лозаннада (Швейцария) өтөт.

Белгилей кетсек, 6-апрелде Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчуларын Кыргызстандын курамасы жеңип алган. Бирок Эл аралык хоккей федерациясы Орусиялык оюнчу Александр Титов болгон деген негиз менен буга чейинки төрт жеңишти жокко чыгарып салган.

 

 

 
Categories

Абылгазиев: Матраимовдун акчасы деген маалымат боюнча Каржы полициясына тапшырма бердик

Кыргызстандан чыгып кеткен 700 млн. доллар боюнча “Азаттык” иликтөө жасады. Коомчулукта ал бир үй бүлөнүн тактап айтканда, Раимбек Матраимовдун жана анын туугандарынын  акчасы деген түшүнүк пайда болууда. Өкмөт, Каржы полициясы  сиздер ага кызыгып жатасыңарбы? Мындай суроону эл өкүлү Жанар Акаев КТ-мобайл боюнча депутаттык комиссиянын 2-отурумунун жүрүшүндө айтты.

Премьер-министр М. Абылгазиев: “Азаттыктагы” Матраимов боюнча кечээги материал менен тааныштык. Каржы полициясына жана башка тийешелүү мекемелерге тапшырма берилди. Алар изилдеп чыккандан кийин коомчулукка жеткизебиз”,-деди.

Буга кошумча катары Каржы полициясынын өкүлү ал сыртка чыгып кетти деген каражат Кара Сууда иштеген ишкерлердин акчасы болушу керек. 30 жакын ишкерлер өздөрү каражаттарын  чогултушуп, сыртка акча которушуп турушарын айтты.

Эске сала кетсек, «Азаттыктын» 29-майда обого чыккан иликтөөсүндө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, “Райым миллион” атка конгон Райымбек Матраимов менен анын бир туугандарынын байлыгы, алардын миллиондогон акчалардын сыртка которулушуна катышы тууралуу сөз болгон.

 
Categories

Араванда чек арага жакын жерде ок атуу болду

Кыргызстандын Араван районунда  Өзбекстан менен чек ара аймагына жакын жерде ок атуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

Ал маалыматтарга караганда, бүгүн эрте менен кыргыз чек арачылары чек арага жакын жерден автоунааны байкашкан. Аны токтотууга аракет кылышканда алар баш ийген эмес. Жыйынтыгында ок чыгарууга туура келген. Ок чыгаруудан автоунаадагы бир адам жаракат алган. Ал  Өзбекстандын Мархамат ооруканасына жеткирлген.

Учурда эки өлкөнүн ортосунда мамлекеттер аралык тийешелүү  мекемелер ортосунда сүйлөшүүлөр, окуяны иликтөө иши жүрүүдө.

 
Categories

Өлүм менен аяктаган сүйүү. Асынып алган кыз-жигит (видео)

slideshow images for anniearmitage

Өлүм менен аяктаган сүйүү. Өз өмүрлөрүнө кол салган жаш кыз-жигит. Сокулук районун 19 жаштагы тургуну менен Кочкордун Шамшы айылында 10-класста окуган 16 жаштагы селки Бишкектин четиндеги ээн талаада асынып алышкан.

Мындай карагашалуу окуя 25-май күнү болгон. Анда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан билдирүү түшүп, бакта асылып турган 2 жансыз денени табышкан.

Үрөйдү учурган окуяга азыр маркумдун туугандары түшүнбөй, алар мындай жолго бармак эмес деп дендароо болуп турган чактары. Сырдуу эки өлүм, чындыгында суицид болгонбу же башка себептери барбы, окуянын чоо-жайы төмөнкү сюжетте.