Categories

Травертин ташынын бир күкүмү да текке кетпейт

“Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен депутат Тынчтык Шайназаров Сузак районуна караштуу Ынтымак айылындагы “Туз-Бел Таш” таш  заводдун жумушчулары менен жолугушуп, заводдун иши менен таанышышты.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Кооз эшик,  терезе алкактары, тирөөч – тумбалар, гүл өстүрүүчү идиштерден тартып, кол жуучу жабдыктарга чейин камдалып, калдыктарынан болсо курулушка керектүү материалдар даярдалат. Негизги чийки зат Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Сары – Таш карьеринен алынат.

Ал маалыматтарга караганда, заводдун өнүмдөрү экспортко ылайыктуу болгондуктан, жергиликтүү элдин керектөөсүнөн артканын коңшулаш мамлекеттерге жөнөтүп туруу келишимдери каралууда.

 
Categories

Украиндагы шайлоодо куудул Зеленский алдыда

Украинада өлкөнүн президенттин шайлоо кызыктуу жагдай менен уланууда. Кечээ, 31-март  саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылган. Экзит-поллдун маалыматына караганда, куудул Владимир Зеленский 30,4 пайыз, учурдагы президент Петро Порошенко 17.8, Тимошенко 14.2, Байко 9,8 пайыз добуштарды алышкан.

Ошентип, куудул В. Зеленский алдыда келе жатат.

Шайлоочулар экинчи турдун болорун айтышууда. Шайлоонун жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Экинчи тур 21-апрелде болот.