Categories

Рамазан айы 6-майда башталат

2019-жылдын 6-май дүйшөмбү күнү Рамазан айынын биринчи күнү деп белгиленди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 27-апрелдеги VII чакырылышынын жыйынында, 6-май Рамазан айынын биринчи күнү деп белгиленди. Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап 1 күнгө айырмалануусу мүмкүн.

 
Categories

Кыргызстан Россияга балык экспортунун көлөмүн 1 млрд. рублге жеткирет

Акыркы жылдары өлкөбүздө жеке балык чарбачылыгы жакшы өнүгүп келе жаткандыгы маалым. Андыктан Кыргызстандагы бир катар жеке менчик компаниялар 2019-2025-жылдары Россияга 1 миллиард рублге чукул балык экспорттоо боюнча меморандумга кол койду.

Андан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын үрөнчүлүк ассоциациясы 25 миллион долларлык келишимге, айыл чарба азыктарын кайта иштетүү боюнча 600 миллион сомдук меморандумга да кол коюлду.

2018-жылы темир жол аркылуу ташылган жүктүн 30 пайызы Россияга туура келет. Башкача айтканда, бул 2,2 миллион тоннаны түзөт. Ошондой эле Россиядан Кыргызстанга негизинен мунай заттары, курулуш материалдары жана минералдык заттар ташылып келет.

 
Categories

А. Касымалиева: Кооптуу жайларда жашаган жарандарыбыз жаан жааган сайын түн ичинде уктай албай чыгышууда

Өлкөбүздө 4732 үй – бүлө жер көчкү коркунучу бар жайларда жашашат. Анын ичинен 2000 үй – бүлө  башка жакка көчүү үчүн суда алышкан. Ушул күндөрү аларга убактылуу чатырларды берип туруу керек. Алардын үй салууга каражаттары жетишсиз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева билдирди.

Депутат Аида Касымалиева: “Жамандыкты күтпөйбүз бирок, ал капыстан келет. Аларга жеңилдетилген судалар берилбей жатат. Жаан – чачын жааган сайын түнү менен уктабай жатабыз дешүүдө”,-деди.

 
Categories

Шри-Ланкада аялдарга жүзүн жапкан кийим кийгенге тыюу салынды

Шри-Ланкада 29-апрелден тартып аялдарга көчөлөрдө жүзүн жапкан кийим кийип жүрүүгө тыюу салынды.

Чет  элдик басылмалар билдиргендей, мындай чара өлкөдө орун алган бир нече теракттардан кийин кабыл алынган.

Эске салсак, Шри-Ланкада 21-апрелде чиркөөлөр менен мейманканаларга жасалган теракттардан кийин 250 жакын адам каза болгон. Шектүү катары ондогон адам камакка алынган.

 

 
Categories

Бүгүн экс-депутат Садыр Жапаровдун соту болот

23-апрелде Жогорку соттун соттук коллегиясы өздөрүнө карата жактоочулар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин сот ишин 30-апрелге жылдырган. Ишти башка судья алгандан кийин аны менен кайрадан таанышууга убакыт керек.

Эске сал кетсек, 23-апрелде отурумдун башталышында Садыр Жапаровдун жактоочусу  Шарабидин Токтосунов соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөткөн эмес.

 
Categories

Ордо оюну боюнча Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды

Ордо оюну боюнча Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Биринчилик Бишкек шаарында 26-29-апрель күндөрү болуп өткөн. Ага Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас облустары жана Бишкек менен Ош шаарларынан келген 7 команда катышкан.

Аталган мелдеште Талас облусунун командасы биринчи орунга татыса, Бишкектин командасы экинчи орунду ээлеген. Нарын облусу үчүнчү болгон.

Ошондой эле мелдештин жыйынтыгы менен өлкөнүн ордо боюнча курамасына жеңүүчү командалардын арасынан күчтүү спортчулар тандалып алынган.

 
Categories

Боом капчыгайы 3-майга чейин маал-маалы менен жабылат

Боом капчыгайындагы жол 29-апрелден 3-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын басма сөз кызматын кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 139-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

3-майга чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

 

 
Categories

ЖКККББ 9 млн 950 миң сомго 5 автоунаа сатып алат

Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 9 млн 950 миң сомго беш автоунаа сатып алат. Бул тууралуу  мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.

Ар бир унаа үчүн 1 млн 990 миң сом ажыратылган. Автомобилдер 2019-жылы чыгарылган, круиз-көзөмөлү, начар жолдор үчүн ыңгайлашкан артыкчылыгы болушу шарт.

 

 
Categories

Бишкекте бүгүн кечинде коомдук транспорттор элди бекер ташыйт

Бишкекте бүгүн, 29-апрель күнү кечинде коомдук транспорттор элди бекер ташыйт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык,  “Ала-Тоо” аянтынан саат 21:00дөн 24:00гө чейин элди төмөнкү автобустар менен троллейбустар бекер ташыйт. Алар:

  • № 7, 9, 38, 42 автобустар;
  • №4, 10, 7, 8, 2, 14 троллейбустар.

Белгилей кетсек, шаар күнүнө карата уюштурулган концерт саат 19:00дө башталып, ал фейерверк менен жыйынтыкталат.

 

 
Categories

А. Карашев: Бажы чек арасында электрондук система болбосо коррупция күчөй берет

2018-жылдын жыйынтыгы көп деле жакшы эмес. Мындан туура жыйынтык чыгарып, өкмөт чечкиндүү реформага барышы зарыл. Аны кечеңдеткенге негиз жок. Мындай пикирин депутат А. Карашев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат Аалы Карашев: “2018-жылдын жыйынтыгы боюнча салык, мигрант, Кумтөр эсебинен гана ИДП көтөрүлүүдө.  Импорт менен экспорттун айырмасы абдан чоң.

Мындан сырткары 2019-жылдын эки айынын көрсөткүчтөрү боюнча экспорт 25 пайызга төмөндөп кеткен. Инвестиция өткөн жылы эң төмөн болгон. 2007-жылга барабар болуп калган. 40 пайыз көмүскө экономика болуп жатат. Мындан чыгуунун жолун иштеп чыгуу керек. Контрабанда жогору болууда. Аны тыюу үчүн Бажы чек арасында электрондук система болушу зарыл”,-деди.