Categories

«Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын бөлүм башчысы кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында«Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын бөлүм башчысы,1973-жылы туулган К.М. 1 миң 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтерин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң. АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Анын 2000 миң АКШ долларын 2018-жылдын аягында алган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

 
Categories

М. Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саргсян тар чөйрөдөгү жыйынды ачып жатып баса белгилегендей, бүгүн кеңешти өнүктүрүү боюнча концептуалдык маселелерин, анын ичинде «Өнөр жай кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялар трансферлеринин Евразия түйүнү» долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуунун катышуучуларынын пикирлерин угуу зарыл.

Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчыларынын катышуусундагы кеңештин жыйыны учурда тар чөйрөдө өтүп жатат. Андан соң расмий делегациялардын мүчөлөрүнүн катышуусундагы кеңири курамда уланат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине жалпысынан интеграциялык биримдиктин алкагында көп жактуу кызматташуунун абалына жана аны кеңейтүүгө тийиштүү 13 маселе коюлган.

 
Categories

Прокурордун жардамчысы жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен

Өзбекстандын Анжиян облусунун Мархамат районунда прокуратура кызматкери жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул туурасында өзбек басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы маркумдун туугандары айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткендигин айтышты. Унаа катуу ылдамдыкта келе жатып сүзүп, жөө жүргүнчү маңдайкы терезеден салонго кирип кеткен. Тез жардам кызматы келип эч кандай жардам көрсөтө алган эмес.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен автоунаада Мархамат районунун прокурорунун ага жардамчысы болгонун билдирди. Бирок мекеме айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен деген маалыматты төгүндөдү.

Башкы прокуратура маркум алагүү болгонун, алган жаракатынан дароо мерт кеткенин, айдоочу аны ооруканага өзү жеткиргенин ырасоодо.

Бул факт боюнча Анжиян облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, бир катар экспертизалар дайындалган.

 
Categories

Ташкент-Балыкчы каттамында кайрадан поезд жүрө баштайт

Кийинки жылдары Кыргызстанга  Өзбекстандан келген туристтердин саны арбыганы маалым. Өткөн жылы аталган өлкөдөн бир миллионго жакын турист келген. Буга эки өлкө ортосунда жол каттамдарынын жакшырышы себепчи болгондугу айтылууда.

Ал эми 6-июндан баштап,  Ташкент-Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд кайрадан жүрө баштайт. Поезд жумасына бир жолу, бейшемби сайын Ташкенттен, ишембиде Балыкчыдан каттап турат. Жол кире плацкарталык вагондо 1 миң 946 сом, купеде 2 миң 461 сом, люкс-вагондо 4 миң 602 сомдон өйдө турат. Ичинде вагон-ресторан да жайгашкан.

 
Categories

Бишкек шаарынын күнүн майрамдоодон кийин 6 тонна таштанды чыгарылды

Бишкек шаарынын күнүн майрамдоодон кийин аянттан 6  тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул туурасында  “Тазалык” муниципалдык ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 60 кызматкер жана 7 атайын техника тартылган. “Ала-Тоо” аянтында кошумча 40 чоң жана 8 евроконтейнер орнотулган. Майрамдан соң жалпысы болуп 6 тоннага жакын таштанды чыгарылды.

“Белгилей кетчү нерсе, майрам учурунда шаардын коноктору жана тургундары таштандыларды чакаларга ыргытып жатышты”, – деп маалымдайт “Тазалыктын” басма сөз кызматы.

 
Categories

Ош – Стамбул авикаттамын ачуу демилгеси каралууда

Жогорку Кеӊештин тийешелүү комитети Кыргыз Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаевдин айтымында, жогоруда аталган келишимдин алкагында Ош – Стамбул авикаттамын ачуу демилгеси каралууда. «Түрк тарап зарыл документтердин баарына кол койду, эми аны кыргыз тарап ратификациялоого тийиш.

Депутат Исхак Масалиев бул өтө маанилүү келишим экенин, айрыкча ишкерлерге оӊ таасирин тийгизе турганын белгиледи.

 
Categories

Салмагы 500 килограмм, диаметри 2 метр болгон 1 сомдук тыйын орнотулду

Эми борбор калаабыздын тургундары жана меймандары 1 сом номиналындагы чоң тыйындын жанында сүрөткө түшүп, суктана алышат. Салмагы 500 килограмм, диаметри 2 метр болгон 1 сомдук тыйын Бишкек шаарынын борборуна орнотулду.

Жыгачтан жасалган эстеликтин табигый өңү сакталып, үстүнкү жагы нымдан сактоочу ачык түстөгү боек менен боелгон.

 

Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов тарабынан демилгеленип, жасалган эстеликтин бетинде “Сүйүктүү шаарыма белек” деп жазылган. Белгилей кетсек, 29-апрелде борбор калаабыз Бишкек шаарынын 141 жылдыгы салтанаттуу өткөрүлдү.

 
Categories

Аял айдоочу автоунаасы менен бешинчи кабаттагы токтоочу жайдан кулап кетти(фото)

Вильнюс шаарынын Львов көчөсүндө  BMW X5 жип машинасы бешинчи кабаттагы парковкадан кулап түштү. Автоунаада аял киши болгон.

Автопарк компаниясынын маалыматына караганда, 15 жыл ичинде мындай кырсык катталган эмес. Учурда компаниянын ээси кырсыктын себебин иликтеп жатат. Коопсуздукту камсыз кылуучу дагы кошумча жагдайлар аныкталса аны жасаганга кам көрүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда рулдагы аял айдоочу тосмону сүзүп, андан ары ашып,  жерге кулап кеткен. Ал учурда ооруканага жеткирилген. Канчалык жаракат алганы азырынча айтыла элек. Автоунаа жарабай калган. Тийешелүу мекемелер кырсыктын чыныгы себептерин иликтешүудө.

 
Categories

Зардалылыктардын жаздагы жамгыр аралаш көз жашын ким угат(фото)?

Элибизде Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар?-деп, коюшат эмеспи. Бул сөз бекер жеринен айтылбагандыгы да маалым. Чынында Баткен облусуна караштуу Зардалыга барчу жолдун азабын ал жактагылардан башка эч ким биле бербейт эмеспи. Жылда жаз алды жолдун азабын тарткандар да ошолор. Учурунда Баткен облусунун уюшулушуна да Зардалы сыяктуу алыскы айылдардын кароосу калганы себепчи болгондугун моюнга алышыбыз абзел. 1999-жылы Зардалыга террористтик топтордун кирип келгендиги тарыхыбызда кара так болуп калды.

Мындай дегенибиз, сайтыбызга  алыскы Зардалынын жашоочуларынан быйыл да жаз алды жол бузулуп, каттай алышпай калгандыгын ырастаган маалыматтардын келгендиги себепчи болду. Алар жылда аталган жолду өз кол күчтөрү менен оңдошорун айтышат.

Кара-Бак айылынын 25 тургуну эки күн мурда  Бөрү – Көрбөс аймагына быйыл да таш түшүп  ары-бери өтө албай калышканда жолду оңдошкон. Көпүрөнү оңдоо үчүн зым, цемент керек экенин айтышат. Ал эми ӨКМдин Баткен районундагы бөлүмүнүн башчысы Т. Турдуевдин маалыматына караганда, быйыл Зардалы айылына алып баруучу жолдогу көпүрөнүн жээгин бекемдөө үчүн гана цемент каралган. Ал эми бул жолду оңдоого каражат каралган эмес. Жылда ушул көрүнүш. Алардын үнүн Ак үйгө жеткирчү же бир депутаты, кишиси жок болгондуктан Зардалыга көңүл бурган адам жок экендигин айтышат. Андыктан Өкмөт, Баткен облус жетекчилиги ал жакка бир көз кырын салып койсо деген эле кеп.

Зардалыга улоо менен гана каттоого болот. Автоунаа бара албайт.

 

 
Categories

Бишкекте 9 жаштагы баланы таякеси унаага байлап 20 метрдей сүйрөгөн (сүрөт)

Бишкекте 9 жаштагы баланы таякеси унаага байлап алып, 20 метрдей жерге чейин сүйрөгөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине укук коргоо органдары билдирген.

Маалыматка ылайык, 27-апрель күнү Биринчи Май райондук милициясына билдирүү түшкөн. Анда шаардын четиндеги конуштардын биринде жаш балага зомбулук көрсөтүлүп жатканы айтылган. Тартип сакчылары аталган жайга барып окуянын чоо-жайы менен таанышып чыккан. Жаш бала таянесинин акчасын уурдап жатканда таякеси көрүп калып, аны “тарбиялоо максатында” унаасына байлап алып бир нече метр жерге сүйрөп барган.

Аталган факты боюнча кылмышка шектүүнүн үстүнөн иш козголуп, милиция кармап кеткен.

Өспүрүмдүн өзүнүн апасы Орусияда эмгектенет.