Categories

Шарабидин Токтосунов: Садыр Жапаров толук акталганча аракеттерибизди токтотпойбуз

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов: “Бүгүн Жогорку Сот  Садыр Жапаровдун иши боюнча жаңы жагдай бар деп кабыл алгандан кийин 7 жылга чейин кыскартса болмок. Тилекке каршы бир жарым жылга кыскартып, жаза мөөнөтүн 10 жыл деп белгилеп коюшту.  Бирок, биз муну менен тынчып калбайбыз. Дагы да болсо мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биринчи май райондук сотуна жаңы жагдайлар боюнча кайрылганга толук укугубуз бар. Биз дагы Садыр Жапаров толук акталганча аракеттерибизди токтотпойбуз”,-деди.

Эскерте кетсек, Бүгүн Жогорку сотто камактагы Садыр Жапаровдун ишин Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы редакциясы ишке киргенине байланыштуу  кайра кароо Жогорку сотто болуп өттү.

 
Categories

Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү бир жарым жылга кыскартылды

Бүгүн Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы редакциясы ишке киргенине байланыштуу экс-депутат, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо Жогорку сотто  уланды.

Соттун чечими менен жабырлануучу Садыр Жапаров жаза мөөнөтү бир жарым жылга кыскартылып, 10 жыл деп белгиленди.

 

 
Categories

Ж. Жолдошева: Эгерде Жогорку соттун төрайымы бул ишке кийлигишпесе анда С. Жапаров акталат

Учурда Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы редакциясы ишке киргенине байланыштуу экс-депутат, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо Жогорку сотто  уланууда.

Жылдыз Жолдошева: “Эгерде Жогорку соттун төрайымы жана анын орун басары бул ишке кийлигишпесе анда Садыр Жапаров акталат. Себеби, прокурорлор жаңы Жазык келишимине байланыштуу баарын майдалап айтып беришти. Президентке да бул иш кыйынчылык жаратып жатат”,-деди.

Сот ишине бир топ саясатчылар катышууда.

 
Categories

Жогорку сотто Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо уланууда

Учурда Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы редакциясы ишке киргенине байланыштуу экс-депутат, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо Жогорку сотто  уланууда.

Алгач  саясатчынын адвокаттары Шарабидин Токтосунов жана башкалар сөз сүйлөштү.Сот ишине Жылдыз Жолдошева сыяктуу саясатчылар катышууда.

Эске сала кетсек, 23-апрелде жактоочулар отурумга төрагалык кылган Жогорку соттун судьясы Лепес Темирбековго ишенбестик көрсөтүшкөндүктөн сот бүгүнкүгө калтырылган болчу.

 
Categories

Эркин Бөлөкбаевге үч миң сом айып салынды

“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевге  милиция кызматкеринин өтүнүчүнө баш ийбей койгону үчүн мыйзамга ылайык үч миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Ал үчүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Эске сал кетсек, бүгүн эрте менен  Бишкектин Ала-Тоо аянтына “Жашылдар” партиясынын 20 чакты тарапташы уран кенин иштетүүгө нааразы болуп, митингге чыгышкан. Митинге Биринчи май райондук соту митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес.

 
Categories

Издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында оор кылмыш иши үчүн коңшу республиканын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган жаран жашырынып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Тажикстан Республикасынын жараны, Согдий облусунун тургуну 1992-жылы туулган Г.У. аттуу кармалган. Издөө иши 2019-жылдын февраль айында козголгон. Кармалган жаран камакка алынды.

 
Categories

11 мектепке Ч.Айтматовдун 10 томдон турган китептери тапшырылды

Бишкек шаарынын күнүнө карата Бишкек шаарынын Свердлов районунун “Дордой” конушундагы №94 орто мектебинде улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдон турган китептерин тапшыруу чакан аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага окуучулар, мугалимдер, Свердлов районунун башчысы М.Осмонов, улуу жазучунун  карындашы, педагог, физика жана математика илимдеринин кандидаты Р.Айтматова, БШКнын депутаты Ж.Салымбеков,  коомдук ишмерлер, райондук билим берүү борборун  директору А.Абдылдаева жана райондук мектептердин директорлору катышышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Иш-чаранын алкагында райондогу 11 мектепке Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдон турган китептери тапшырылды.

Келген конокторго концерттик программа көрсөтүлүп, жагымдуу маанай тартууланды.

 
Categories

Түркмөн президенти аргымагына арналган рэп аткарды (видео)

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов “Ровач” аттуу сүйүктүү аргымагына арнап ыр жазды.

Небереси Керимгулы экөө аткарган рэп ишемби-жекшембидеги ахалтекиндин урматына өткөрүлгөн Улуттук майрамда ырдалды.

 

 
Categories

Полиция кызматкери көзү азис аялды трамвайдан куткарып калды(видео)

Испаниянын Гранада шаарында полиция кызматкери көзү азис аялды трамвайдын тебелендисинен куткарып калды. Бул тууралуу kratko-news.com. жазды.

Камерадагы окуяга караганда, аялдын адашып калгандыгын байкоого болот. Патрулдук машинада келе жаткан полиция кызматкери аны байкап калып, жардам көргөзүүгө ашыгат. Ал трамвайдын келишине бир нече секунд калганда аялдын колунан кармап, рельстен чыгарып кетүүгө үлгүрөт. Жыйынтыгында кырсыктан сырт калат.

 
Categories

Сатыбалды Далбаевдин сөөгү жерге берилди

КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаевдин сөөгү жерге берилди.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына  мамлекеттик, коомдук ишмерлер, театр кызматкерлери, кесиптештери жана жакын туугандары катышты. Маркумдун сөөгү  “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Далбаев үстүбүздөгү  жылдын 29-апрелинде 85 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Ал 1934-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа кыштагында жарык дүйнөгө келген.