Categories

Учурда 633 курал издөөдө

Жарандар мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө тийиш. Жогорку Кеӊеште “Курал” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөнүн жарандары же чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сактоодо турган куралдарды жана патрондорду акы алып же бекер өз ыктыяры менен тапшырууга болот. Аларга куралдын көлөмү, сапаты, чыккан күнүнө жараша акы төлөнүп берилмекчи.

Өз менчиги болбогон же таап алган ок атуучу куралды сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат, алар ички иштер органдарына өткөрүлүп берилүүгө тийиш. 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу 1190 курал жоголсо, 232 курал кайтарылып берилди, учурда 633 курал издөөдө турат. Ошондой эле, ички иштер органдары тарабынан 39835 аӊчылык куралын колдонууга уруксат берилген. Андан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга 157 тапанча сый катары тартууланган.

ИИМ өкүлүнүн маалыматына караганда, 1621 тапанча белекке тартууланган. Милиция органдарында катталбаган куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдарга сыйакы каралган. Мисалы, гранатамет менен пулеметторго – 16 миӊ сом, автоматка – 9600 сом, тапанча же мылтыкка – 6400 сом, обрезге (чолок мылтык) – 3200 сом.

Белгилей кетсек, жакында азыркы депутат, мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбеков кезинде сый катары тартууланган курал-жарактарын ички иштер органдарына тапшырды.

 
Categories

Бүгүн жаңы стадионду курууга кызыкдар компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу болот

Бүгүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жаңы стадионду курууга кызыкдар компаниянын өкүлдөрү менен жолугушат.

Аянтчанын курулушуна инвесторлорду тартуу боюнча учурда кызуу аракеттер көрүлүп жатат. Азырынча анын курлушуна беш компания кызыкдар. Бул багытты көздөгөн алгачкы жолугушуу болмокчу.

Учурда стадиондун курулушу тууралуу түрдүү ой пикирлер айтылууда.

Эске сала кетсек, буга чейин жаңы стадиондун курулушунун айрым эскиздери да жарыяланган.

 
Categories

Казакстан Кыргызстандан барган картөшкөгө киргизген чектөөнү алып салууга даяр

Казакстан Кыргызстандан барган картөшкөгө киргизген чектөөнү алып салууга даяр. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, Астанада Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өтүп, казак тарап чектөөнү алып салууга даяр экендигин билдирди. Бирок чектөө кайсы күнү алынаары айтылган жок.

Эске салсак, 19-февралдан тарта Казакстан өзүнүн аймагына Кыргызстандан картөшкө, алма жана курма киргизүүгө тыюу салган. Бул жемиштерде курттардын табылышы себеп болгон.