Categories

Алтынай Өмүрбекованын жолдошу жол кырсыгына кабылды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев жол кырсыгына кабылды. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалардын бирине Өмүрбекова өзү тастыктаган.

” Кырсык болжол менен “Ала-Арча” коругунда 26-мартта саат 17:00 чамасында болгон. Азырынча так сураганга чамабыз келбей жатат. Бул тууралуу мага саат 18:00дө жанында жүргөн кесиптеши чалып айтты. Учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат”,- деген Алтынай Өмүрбекова.

Нурлан Тургунбаев Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштейт.

 
Categories

Ишембиге карата аба ырайы

Кыргызстандын аймагында 30-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14,

Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус болот.

30-мартта Бишкек шаарында жамгыр жаап, абанын түнкү температурасы 8…10°, күндүзгү  температурасы 15…17° градус болот.

 
Categories

Айдоочунун талмасы кармап, рулду башкара албай калган (видео)

Қытайда автобус айдап бара жаткан айдоочунун талмасы кармап калып, рулду башкара албай калганы видеого түшүп калган.

Салондогу көзөмөл камерасынан айдоочунун денеси тырышып, автобусту айдаганга чамасы келбей калганын көрүүгө болот.

Коомдук унаанын ичинде 19 жүргүнчү болгон, алардын бири рулду кармап, токтоткон.

 

 
Categories

“Ак тилек” көзөмөл өткөрүү бекетинде 130дан ашык жүк ташуучу унаа өтө албай турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак тилек” көзөмөл өткөрүү бекетинде учурда 130дан ашык оор жүк ташуучу автоунаалар өтө албай турат. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, казак тарап азык-түлүк сыяктуу күнүмдүк керектөө товарларын өтө кылдат текшерип жаткандыктан чек арада фуралардын кезеги көбөйүп кеткен.

Ушундай эле жагдай он күн мурда да орун алган.

Эки өлкөнүн чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында мындай көрүнүш жок.

 

 

 
Categories

Орусияда “фейк” маалыматтарды тараткандар 1,5 миллион рублга чейин айып төлөшөт

29-мартта Орусияда бийликке, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерге жана “фейк” маалыматтарды тараткандарга жазаны күчөтүү боюнча эки мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Биринчи мыйзамда адам өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жараткан, коомдук тартипти же коомдук коопсуздукту бузууга багытталган, такталбаган жаңылыктарды таратууга тыюу салынат.

Ага ылайык, “фейк маалымат таратты” деп эсептелгендер 100 миң, кызмат адамдары 200 миң, юридикалык тараптар жарым миллион рублга чейин айыпка жыгылат. Мыйзам бузуу кайталанды деп саналган учурда юридикалык тараптар 1,5 миллион рублга жакын айып төлөйт.

Экинчи документтин негизинде “бийликке акарат келтирди, мамлекеттик символдорду шылдыңдады деп табылгандар” 100 миң рублга чейин айыппулга жыгылып же 15 күнгө чейинки мөөнөткө камакка алынышы мүмкүн. Кайра мыйзам бузган учурда айыппул 200 миң рублга жетиши ыктымал.

Федерация кеңешинин мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы Андрей Клишас, депутаттар Людмила Бокова, Дмитрий Вяткин иштеп чыккан документтер топтомун парламент 7-мартта кабыл алып берген.

Укук коргоо уюмдары менен катар орус президентине караштуу Адам укугу боюнча кеңеш цензура пайда болот деп эсептешип, мыйзам долбоорун четке кагууга үндөшкөн.

 
Categories

Кара-Суу районунда 7 615 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт

Ош облусунун Кара-Суу районунда Жогорку Кеңештин Айым-депутаттарынын форумунун мүчөлөрүнүн катышуусунда “2019-жылы ратификацияланган Бириккен Улуттар Уюмунун “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча конвенциясынын” мамлекеттин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүсүнө тийгизген таасири талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул демилге Кыргызстандын Улуттук өнүгүү Стратегиясын ишке ашыруудагы негизги максаттардын бири болуп эсептелет

Талкуу жүрүшүндө айымдардын коомдогу ролу, майып балдарды багууда алардын аткарган иштери өтө арбын экени белгиленди. Эскерте кетсек, Кара -Суу районунда 430 миңден ашуун калк, жалпы 25 улуттун өкүлү жашайт. Аталган аймактын райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармасында 3807, анын ичинен 2056сы 18 жашка чейинки балдар, ал эми социалдык фонддо 7615 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран каттоодо турат.

Депутаттар элге БУУнун конвенциянын алкагында майыптуулугу бар жарандарга көптөгөн шарттар түзүлөрүн кошумчалашты

Мындан сырткары, жыйында бир катар социалдык маселелер да көтөрүлүп, тиешелүү жооптор алынды.

Белгилей кетсек, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган депутаттары Айнуру Алтыбаева, Наталья Никитенко, Жылдыз Мусабекова, Клара-Гүлнара Самат жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

 
Categories

Фарид Ниязов: Бул ишти саясий буюртма катары баалоого толук акым бар

Президенттин мурунку аппарат жетекчиси Фарид Ниязов ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге ачык кат жолдоду. Бул тууралуу Апрель сайты жазды.

Анда, бүгүн айрым ЖМКларда жарык көргөн Ниязовдун үстүнөн кайсы бир жаран милицияга арыз жазганы боюнча сөз болот.

«Урматтуу Кашкар Астаканович! Бул суроого расмий жооп беришиңизди суранам:

Бизге келип жеткен маалыматка караганда, жаран Максат Чегирткеев милиция кызматкерлеринин демилгеси менен ИИМге жеткирилип, ал жактан ага 2010-жылдагы Апрель окуялары учурунда жабыркагандарды социалдык жактан коргоо мамлекеттик комиссиянын чечими менен бөлүнгөн 200 миң сомдой акчасын Фарид Ниязов тартып алыптыр деген имиштин үстүндө арыз жазууну сунуш кылышыптыр.

Максат Чегирткеев (2010-жылы 7-апрелде оор жаракат алган) өзүнүн тааныштарына «Атамбаев тарабынан да жардам көрсөтүлгөн эмес, акчалай да жардам берилбеген. Эч кимиси менен байланышпайм. Ошол бийликте турган кеңешчиси Фарид Ниязов кызмат абалынан кыянаттык кылып, даарыланууга деген  акчаны майып баладан алып койгон. Мен бул окуядан кийин моралдык жактан да жабыркадым»  деп айткан маеги жарык көргөндөн кийин милиция кызматкерлери өздөрү аны издеп таап келишкенин айтып берген.

Материал дароо эле Башкы тергөө башкармалыгына түшүп, тергөөчү  жогоруда аталган Мамлекеттик комиссияга тиешеси бар адамдарды суракка чакырып баштайт.

Милиция кызматкерлери укук коргоочулардын ролун аткарып, адам укугу үчүн күрөшүп, интернетке жарыяланган макалалардын артынан түшүп жабыркагандарды өздөрү издеген учурду мен буга чейин уккан эмес элем. Бул тапшырма «жогорудан» келгенине ишенип эле турам. Андыктан, бул инцидентти саясий буюртма катары баалап, ИИМ кызматкерлерин аны аткарууга мажбурлашты деп эсептөөгө толук акым бар.

Мен ал кезде башкарып турган Мамлекеттик комиссия Чегирткеев үй-бүлөсү менен Сочиге барып ден соолугун чыңдап келүүгө короткусу келген  200 миң сомду кайра казынага кайтарып берген, демек, бул айыптоо – акылга сыйбаган нерсе. Мамлекеттик комиссия мүчөлөрү  ага Кыргызстандын аймагындагы санаторийлерде дарыланууну сунушташкан.

Өз убагында Мамлекеттик комиссия Чегирткеевдин Кытайга барып операция жасатып келүүсү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 4 миллион сомдон ашык акча бөлүп берген. Анткени, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстан клиникаларында андай операцияны жасоого мүмкүн эмес дешкен. Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өтүп, Максат бутуна турду. Биз аны Бишкекте сый-урмат менен тосуп алдык. Кубандык. Операцияга бөлүнгөн акчадан дал азыр сөз болуп жаткан 200 миңдей сом артып калган. Аны Максат акчалай колуна алууну, же үй-бүлөсү менен ошол акчанын эсебинен Сочиге барып эс алып келүүнү көздөгөн. Анын каалоосун аткарууга мүмкүн эмес эле, анткени, Мамлекеттик комиссия Кыргызстанда андай дарыланууга шарт болбогон учурда гана чет мамлекетке барууга акча бөлө алат. Ошондой эле, акча ага эмес, Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөнүн эстен чыгарбоо керек.

Экинчиден, ал маектин пайда болуусу да менимче, кокусунан эмес. Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы. Ал бүгүн Атамбаевдин атына байланышкан нерсенин баарына каршы чыгып, сүйлөп жүрөт.  Бирок, Каптагаев бул ишти жакшы билгендиктен, Чегирткеевге мындай акылсыз кеңеш бермек эмес, маек берүү менен эле чектелебиз деп ойлогон. Мындай тапшырманы ИИМ башка адамдардан алды деген оюм бар.

Урматтуу Кашкар Астаканович, Сиз бул бийликтин иш-аракеттеринин баарынын келечеги жок экенин мыкты  түшүнөсүз. Саясий буйрутманы аткарууга мажбурлап, ИИМ кызматкерлерин жаман ишке аралаштырбаңыз. Эртеби-кечпи эл бул окуяларга өз баасын берет, мындай иштердин баары укуктук жактан өз баасын алат жана учурда бул мыйзамсыз иштер менен алек болуп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча жооп берүүгө туура келет».

 
Categories

Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду

Мурдагы президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовго карата жазылган арыздын негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, арызды Апрель окуясынын катышуучусу айткан Максат Чегирткеев аттуу жаран жазган.  Анын  айтымында дарылануусуна Саламаттык сактоо министрлиги бөлгөн 200 миң сомду Ниязов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кайтарып салган.

Мекеме тастыктагандай, арызды Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Иштин беренеси так айтылган жок.

 

 

 
Categories

Якутиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына таасирин тийгизбейт

Якутиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу маалымат Саха (Якутия) республикасынын расмий сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, кечээ Якутиянын башчысы Айсен Николаев мигранттарга 30дан ашык тармакта иштөөгө тыюу салган буйрукка кол койгон. Бирок ал чектөөлөр Кыргызстан менен ЕАЭСтин жарандарына тиешеси жоктугу маалымдалды.

 “Бул буйруктун акыркы кыргыз жарандарына каршы митингге тиешеси жок. Бул 2018-жылдан бери даярдалып келе жаткан документ”, — дейт Саха республикасынын өкмөтү.

 
Categories

Бишкекте карызын төлөбөгөн 8 миң абоненттин жарыгы өчүрүлдү

Бүгүн, 29-мартта Бишкек шаарындагы 8 миң абоненттин жарыгы дистанциондук түрдө өчүрүлдү. Бул туурасында “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын карызы 12,5 миллион сомдон ашып кетип, мекеме үч күн мурда эскертүү берген.

Абоненттер карызын төлөгөн учурда аларга электр жарыгы ошол замат автоматтык түрдө берилет. Себеби буга чейин орнотулган “акылдуу электр эсептегичтер” алыстан эле өчүрүп, күйгүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» терминалдарында, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарында, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк» жана «Кыргызпочтасында» кабыл алынууда.