Categories

Абдишарип Бекилов жаңы кызматка дайындалды

Гидрометеорология агенттигинин директору болуп Абдишарип Бекилов дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бекилов буга чейин аталган агенттикте директордун орун басары болуп иштеп турган.

 
Categories

Жумабеков Атамбаевге жооп берди

Төрага Атамбаевге кайрылуу жасап жатып, кыргыз элин карызга батырган, чет элден келген акчаларды өөнөп жеген, саясий опоненттерин каралаган парламент эмес экенин да кошумчалады.

Өткөн жумада Аксы окуясынын курмандыктыктарын эскерүү зыйнатында экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы парламенттке бир катар сындарды айтып, депутаттарды чимкирикке салыштырган. Ага жооп иретинде бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында регламентке ылайык төрага Дастан Жумабеков кайрылуу жасады.

“Өлкөбүз 30 жылдай убакыттын ичинде авторитардык бийликтин ар түрдүүсүн баштан кечирди. Сиз башкарган 2011-17-жылдары жакшы да иштер аткарылды, аны танбайбыз. Бирок ошол эле учурда терс көрүнүштөрдүн болгонун да көрүп, билип турабыз. Айтсак, ири коррупциялык иштерге жол берилгени, кыргыз элин карызга батырып, чон долбоорлордун аркасы менен сиздин жан-жөөкөрлөрүңүздүн байыганы, тилекке каршы, сиз башкаруудан кеткенден кийин гана ачыкка чыгып отурат”,-деди төрага.

Жумабеков, коррупциялык иштерге мисал катары Бишкек ЖЭБин айтты.

“Өткөн жылы күтүлбөгөн жерден ЖЭБде авария болуп баары ачыкка чыкты. Ошондо насыяга алынган 386 миллион доллар акча кайда сарпталды? Сиз бийликтен кетсеңиз дагы ишенимдүү адамдарыңыз беделдүү кызматтарды ээлеп турган. Бирок сиз ар кандай сөздөр менен атаган парламент комиссия түзүп, коррупциялык иштерди аныктап чыкты.Жыйынтыгында ондогон таасирдүү адамдар камакка алынды.

Төрага Атамбаевге кайрылуу жасап жатып, кыргыз элин карызга батырган, чет элден келген акчаларды өөнөп жеген, саясий опоненттерин каралаган парламент эмес экенин да кошумчалады.

“Парламент мыйзам чегинде өз иштерин уланта берет. Элдин атынан шайланып келген депутаттар ар кандай сындарды туура кабыл алып, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн колдон келген аракеттерди жасайт”,-деди Жумабеков.

 

 

 

 

 

 
Categories

Бүгүн А. Ибраимов менен К. Кулматовдун иши боюнча соттук отурум болот

Бүгүн Бишкектин экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отуруму болот.

Буга чейинки сот  14 айыпталуучунун ичинен 4 айыпталуучу өзүн айыптоо чечими менен тааныша элек болгондуктан, соттук отурум бүгүнкүгө жылдырылган болчу. мындан сырткары  жактоочулар сотко отурумду кенен залда өткөрүү өтүнүчүн келтиришкен, бирок аны судья канааттандырабы, же жокпу азырынча белгисиз.

Эске сала кетсек, аталган экс-мэрлер  Кулматов баш калаада мектеп салууда коррупциялык иш аракеттерге барган, ал эми Ибраимовго ««Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган деген айыптар коюлган.

 
Categories

А. Акаев: Назарбаев акылдуу кадам таштады

Нурсултан Назарбаевдин президенттик кызматтан кеткендигин дүйнө коомчулугу талкуулоодо. Назарбаевдин мындай кадамына карата Кыргызстандын мурдагы президентти Аскар Акаев да өз ой пикирин Улуттук жаңылыктар кызматына билдирди.

Аскар Акаев: Бул күтүлгөн кадам болчу. Ал бир топ жашка келип калды. Эгерде Нурсултан Назарбаевдин 1985 – жылдагы министрлер советинин төрагасы кызматында иштеп тургандыгын кошуп эсептегенде өлкөнү 35 жыл башкарды. Мындай кадам менен ал жаштарга жол ачып берүүдө. Мен ойлойм бул чечкиндүү жана акылдуу кадам болду. Нурсултан Абишевич Казакстандын эгемендүүлүгүнүн башында туруп, мыкты жетекчи катары өзүн көргөздү. Анын аркасы менен Казакстан дүйнөлүк аброй топтоду. Мен ойлойм, анын ишмердүүлүгү тарыхта калат”,-деди.

Эске сала кетсек, кечээ Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан кеткендигин жарыялаган.

 
Categories

Чек арада чегинбейли(видео)

Баткен чек арасындагы абал жөнгө салынды деген менен учурда коомчулукту тынчсыздандырган жагдайлар жок эмес. Абалды жөнгө салуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын макулдашуулары көмүскө калып жаткандыгына нааразы болгон топтор да жаралууда…

 
Categories

Бүгүн Мурат Суталиновдун соту болот

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу тууралуу өтүнүчтү кароо боюнча отурум болот.

Мындан мурунку  сот ден соолугуна байланыштуу докладчик келбегендигине байланыштуу жылдырылган. Мурат Суталинов рак илдети менен ооруйт. Эске сала кетсек, Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан киийн 25 жылга эркинен ажыратылган.

 
Categories

Сауд Арабия: этнофестиваль аяктады (видео)

Кечээ,19-мартта Сауд Арабияда өткөн “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалы аяктады. Бул тууралуу фестивалдын катышуучулары билдирди.

Салтанатка Кыргызстандан барган чыгармачыл топтор менен спортчулар катышып, атамекендик дизайлердин улуттук кийимдер коллекциясы көрсөтүлгөн.

Фестиваль атайын курулган этношаарчада болуп, иш-чара бир канча жерде өткөн.

Иш-чарага 90 мамлекеттен келген өкүлдөр катышкан. Кыргызстандан эки миңге жакын киши кеткен.

Опубликовано Уланом Заинидиным Вторник, 19 марта 2019 г.

 

Опубликовано Уланом Заинидиным Вторник, 19 марта 2019 г.

 

 

 

 
Categories

Алматы менен Ташкент дүйнөнүн эң арзан шаарларынын катарына кирди

The Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун версиясы боюнча, Өзбекстандын борбору Ташкент менен Казакстандын Алматы калаасы дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Изилдөө борбору жыл сайын Worldwide Cost of Living баяндамасын жарыялап, дүйнөнүн ири шаарларындагы жашоонун баасын аныктайт. Ал үчүн бирдей айлык алган адамдар турак-жай ижарасы, транспорт, азык-түлүк жана зарыл товарлар үчүн канча акча корото тургандыгы эсептелинет.

Быйыл Алматы менен Ташкент Индиянын Бангалор, Сириянын Дамаск жана Венесуэланын Каракас шаарлары менен бирге тизменин эң аягына жайгаштырылган. Изилдөө борборунун эсептөөсү боюнча, азыр Ташкент менен Алматыдагы жашоо Нью-Йорктогуга салыштырганда дээрлик үч эсеге арзан.

Баяндаманын авторлору Казакстандагы жашоонун арзандашын улуттук валютанын девальвациясы менен түшүндүрүүдө. Өлкө бийлиги 2015-жылдын аягында теңгенин курсун эркин кое берген. Акыркы бир жылдын ичинде теңге доллар, евро жана башка туруктуу валюталарга карата дээрлик 50 пайызга арзандаган.

Economist журналынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө орточо эсеп менен Алматыда бир килограмм нан болгону бир доллар турат. Бул Сеулга салыштырганда 15 эсеге, Париж менен Женевага салыштырганда алты эсеге арзан. Ал эми тамекинин кутусу Алматыда Парижге караганда дээрлик 10 эсеге, Сиднейге караганда 20 эсеге арзан болуп, баасы бир доллардан ашык. Казакстандын бул шаарында бензин дагы Батыш Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу үч эсеге арзан.

Өз кезегинде Ташкент акыркы жылдары рейтингдеги эң арзандаган шаар деп табылды: бир жылдын ичинде андагы жашоонун баасы 14 баскычка төмөндөгөн. Ташкенттен да жашоо көбүрөөк арзандаган шаарлардын катарында Венесуэла менен Дамаск гана бар.

Ал эми Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург, Украинанын Киев, Чехиянын Прага шаарларындагы жашоо бир жылдын ичинде тескерисинче кымбаттаган. Economist Москва менен Петербургдагы жашоонун кымбатташын рублдин бекемделгени менен түшүндүрүүдө.

Өткөн жылы дүйнөнүн эң кымбат шаары деп Сингапур, Гонконг, Париж, Цюрих, Женева, Осло, Сеул, Копенгаген, Тель-Авив жана Сидней калаалары табылган.

 
Categories

 Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев ким?

Бүгүн  Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенттик кызматын аркалай баштайт. Ал Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөндүгүнө байланыштуу  ант берет. Токаевдин ант берүү аземи парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында күндүзгү  саат 12де башталат.

Казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ант бергенден кийин расмий түрдө президенттик кызматка киришет.

Кандай кызматтарды аркалаган?

Касым-Жомарт Токаев — Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы. 1953-жылы 17-майда Алма-Ата шаарында туулган.  1975-жылы Москва мамлекеттик эл аралык институтун аяктаган. 1992-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын бүтүргөн.1998-жылы тарых илиминин кандидаты. 2001-жылы саясий илиминин докторлугун жактаган.

Иш тажрыйбасы:

1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде референттик кызматтан баштап, 1984-жылдары СССР ТИМинде үчүнчү секретарь.1994-жылы Казакстандын тышкы иштер министри.

1999-жылы премьер-министрдин милдетин аткаруучу, премьер-министр болот. Андан кийин ар кандай мамлекеттик жана Эл аралык кызматтарда иштейт. 2013-жылы Сенаттын төрагасы.

Эске сал кетсек,  кечээ  президент  Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялаган болчу. Анда Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айткан.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Нурсултан Назарбаев улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан

Бүгүн, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жасаган эмгегин өзгөчө белгиледи.

 Ал Нурсултан Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, реформатор, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин белгиледи.

Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана жакшы коңшулаш бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү өзгөчө ролун баса белгиледи.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Нурсултан Назарбаевге бардык жакшылыктарды жана узун өмүр каалады.